«Кыргызтелеком» Ачык Акционердик Коому

«Кыргызтелеком» ААК Кыргызстандагы эң ири телекоммуникациялык компания, эл аралык жана шаар аралык электр байланышынын улуттук оператору.

Компаниянын негизги максаттарынын бири – Кыргыз Республикасынын аймагындагы мамлекеттик бийлик органдарын, чарба жүргүзүүчү субъектилерди, юридикалык жана жеке жактарды телекоммуникация кызматтары менен камсыз кылуу.
«Кыргызтелеком» ААК жергиликтүү, шаар аралык жана эл аралык телефон байланышы, маалыматтарды берүү, телеграфтык, зым аркылуу берүү, каналдарды ижарага алуу жана Интернетке кирүү сыяктуу кызматтардын кеңири спектрин көрсөтөт.
Компания өлкө боюнча кеңири инфраструктурага ээ, анын ичинде ар бир региондо 7 филиалы бар.

Кошумчалай кетсек, «Кыргызтелекомдун» радиорелейлик магистралдар, телекөрсөтүү жана радиоуктуруу республикалык өндүрүштүк бирикмеси, ошондой эле байланыш линияларын долбоорлоо жана куруу, «Кыргызтелеком» жана анын филиалдары үчүн жабдууларды монтаждоо менен алектенген «Сергек» ЖЧКсы туунду ишканасы бар, ал ишкана уюлдук операторлорго, интернет-провайдерлерге, мамлекеттик органдарга, банктар жана коммерциялык уюмдарга кызматын көрсөтүп келет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-майындагы № 250 токтому менен «Кыргызтелеком» ААКсы (акциялардын 76,8%) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүлүп берилген.