Байланыштын техникалык каражаттарына шайкештик сертификатын берүү
Байланыштын техникалык каражаттарына шайкештик сертификатын берүү
Байланыш жабдууларына жана кызмат көрсөтүүлөрүнө шайкештик сертификатын берүү боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы тарабынан көрсөтүлөт
Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн бүгүнкү күндө техникалык байланыш каражаттарына шайкештик сертификатын алууга, арызды бир нече жол менен берүүгө болот:
- мамлекеттик органдын офисине барып Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү, 119 (1-кабат) дарегинде жайгашкан Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматына кайрылып
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе борбору” мамлекеттик ишканасынын “Бирдиктүү терезе” маалыматтык системасы аркылуу.
Керектүү документтер:
- тиешелүү үлгүдөгү арыз;
- товарды коштоочу документтер жана (же) продукциянын номенклатурасын жана санын тастыктаган продукцияны өндүрүүчү менен келишим (келишим);
- товарларга декларация;
- сертификациялануучу продукциянын ченемдик жана техникалык документтери (Кызмат тарабынан суроо-талап боюнча зарыл болсо);
- сертификаттын түп нускасын кармоочунун же сертификатты берген сертификаттоо боюнча органдын мөөрүнүн түп нускасы менен күбөлөндүрүлгөн же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн шайкештик сертификатынын көчүрмөсү.
Документтер мамлекеттик же расмий тилде берилет. Чет тилдердеги тексттин түп нускасынын котормосу котормочунун колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
Шайкештик сертификатын алууга арызды башка жактар тарабынан берүүгө арыз ээсинин атынан нотариалдык же ишкананын (субъекттин) мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн ишеним кат болгондо жол берилет.
Документтерди санариптик форматта“Бирдиктүү терезе” маалыматтык тутуму аркылуу PDF форматындагы документтерди арызга тиркөө аркылуу берүүгө болот.
Өтүнмө ээси офлайн же КР СӨМ караштуу БТЖСКК расмий почтасы аркылуу кайрылганда, сертификаттоону жүргүзүүгө арыз, кызматкер тарабынан маалыматтык тутумга жеринде катталат жана документтердин бардык пакети арызга тиркелет.
“Бирдиктүү терезе” маалыматтык системасы аркылуу байланыштын техникалык каражаттарына шайкештик сертификатын алууга билдирмени тариздөө үчүн “Бирдиктүү терезе” маалыматтык системасында катталуу зарыл. Каттоо үчүн арыз ээси “Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине алдындагы Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе борбору” мамлекеттик ишканасына (дареги: Бишкек шаары, Чүй проспекти – 122) келип, логин жана паролду алышы керек.
(Электрондук цифралык кол тамга жана интернет тармагына туташууга ээ болуу)
- Internet Explorer браузердин дарек тилкесинде “Бирдиктүү терезе” маалыматтык системасынын электрондук дарегин терип жана андан кийин маалыматтык системанын башкы барагынан кирүү логинин жана паролун пайдаланып кирүү керек.
- тиешелүү сертификаттоо арызын тапшырып бардык керектүү документтерди PDF форматта тиркөө зарыл.
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркынын прейскурантына ылайык сертификаттоо кызматы үчүн акы төлөөнү жүргүзүү.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери:
- Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамы
- Кыргыз Республикасынын Электр байланышы жөнүндө” Мыйзамы
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы 267 “Шайкештикти баалоо чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө” токтому
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы 178 “Шайкештик сертификатынын жана Шайкештик жөнүндө декларациянын бланктарынын жаңы үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө токтому
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы 20 “Шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуу формасында продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо жөнүндө токтому
- ЕАЭБтин “Төмөн вольттуу жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламенти БС ТР 004/2011
- ЕАЭБтин “Техникалык каражаттарынын электрмагниттик шайкештиги жөнүндө” техникалык регламенти БС ТР 020/2011
- 2017-жылдын 26-сентябрындагы 127 “Берилген шайкештик сертификаттарынын жана Шайкештик жөнүндө катталган декларациялардын Бирдиктүү реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби” ЕЭБтин коллегиясынын чечими
Техникалык байланыш каражаттарына шайкештик сертификатын алуу үчүн кошумча суроолор боюнча 0312 54 41 07 номерине же КР СӨМгө караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын Telegram каналы аркылуу кайрылсаңыздар болот.
Көп берилүүчү суроолор