Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги мамлекеттик органдын жетекчисинин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары кызмат ордуна дайындоо үчүн кадрлар резервине конкурс жарыялайт
- Кесиптик билим деңгээли:
– маалыматтык технологиялар, эсептөө техникасы, маалыматтык коопсуздук, киберкоопсуздук, информатика, башкаруу системаларын автоматташтыруу багыттары боюнча жогорку билим же санариптик долбоорлорду ишке ашыруу жана башкаруу тажрыйбасы болсо башка жогорку билим;
- Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын жетекчилик кызматтарында жалпысынан 3 жылдан кем эмес иш стажы же МКТ чөйрөсүндө (долбоордук башкаруу, санариптик продуктуларды иштеп чыгуу, тармактык инфраструктураны коштоо ж. б.) 2 жылдан кем эмес иш стажы
- Кесиптик компетенциялары:
– билүү:
Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү мыйзамдары;
менеджмент негиздерин; кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;
чет тилин (артыкчылыктуу).
– жөндөмдөр:
ишти стратегиялык пландаштыруу жана пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүдө жаңы ыкмаларды колдонуу;
тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин натыйжалуу башкаруу;
кризистик кырдаалдарда чечим кабыл алуу жана кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчилик;
кызматкерлердин алдына так белгиленген милдеттерди коюу жана алардын ишине объективдүү баа берүү;
жамаатта жагымдуу социалдык-психологиялык климатты түзүү жана инсандар аралык мамилелердин заманбап ыкмаларын колдонуу;
конфликттик кырдаалдарды жөнгө салуу.
– көндүмдөр:
башкаруучулук менеджмент;
аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
башкаруу иши (пландаштыруу, уюштуруу, координациялоо, шыктандыруу жана контролдоо);
эл алдында чыгып сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
ишкер байланыштын жана кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү;
белгилүү бир чөйрөдөгү ишти талдоо жана божомолдоо, пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу;
башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу жана стратегиялык чечимдерди аткаруунун сапаты үчүн жоопкерчилик тартуу;
кабыл алынган чечимдердин натыйжаларына мониторинг жүргүзүү, контролдоо, талдоо жана болжолдоо.
Конкурска катышуу үчүн төмөнкүлөрдү берүү зарыл:
– жеке Арызы;
– паспорттун көчүрмөсү;
– резюме (электрондук почтаны, ИЖНди – идентификациялык жеке номерин жана соттолбогондугу жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
– негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин (болсо) көчүрмөлөрү;
– эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
– окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (болсо);
– жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугу.
Толук маалымат Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин веб-сайтында жайгаштырылган: www.digital.gov.kg.
Скоросшивательге тигилген документтерди 2025-жылдын 11-декабрынан 22-декабрына чейин (саат 17:00гө чейин) төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек: Бишкек ш., Ахунбаев көч., 119 дареги боюнча, кабинет 218, тел: 60-50-04 же info@digital.gov.kg. E-mail боюнча кабыл алынат.