Астана: Азамат Жамангулов «DIGITAL BRIDGE 2025» форумунда

2025-жылдын 2-октябрында Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов Казакстандын борбору Астанада өтүп жаткан Digital Bridge 2025: Generative Nation аттуу VI Эл аралык форумга катышууда.
Форумдун алкагында министр панелдик талкууга катышып, Кыргызстандагы санариптик өзгөрүүлөр жана жасалма интеллект боюнча улуттук пландарды тааныштырды. Ал эл аралык кызматташтыктын маанисин белгилеп, өлкөнүн санариптик саясатындагы негизги багыттар тууралуу айтып берди.
Ошондой эле, Азамат Жамангулов Казакстандын вице-премьер-министри, санариптик өнүктүрүү жана жасалма интеллект министри Жаслан Мадиев жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун алкагында тараптар санариптик кызматташтык боюнча маселелерди талкуулап, биргелешкен долбоорлорду сүйлөшүштү.
Аны менен катар, Министр Google, TikTok жана Glovo компанияларынын өкүлдөрү менен да кезикти. Жолугушууда Кыргызстанда бул сервистерди өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана жасалма интеллект тармагында пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү сөз болду.
Кыргызстандын форумга катышуусунун максаты — эл аралык өнөктөштүктү кеңейтүү, санариптик демилгелерди колдоо жана өлкөнүн жаңы технологияларга ачык экенин көрсөтүү.
Форум 4-октябрга чейин уланат. Анын алкагында талкуулар, көргөзмөлөр жана ишкер жолугушуулар өтөт.