Кыймылсыз мүлктү техникалык паспорттоштуруу эми Tunduk тиркемеси аркылуу онлайн жеткиликтүү

img

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги жаңы санариптик кызматтын ишке киргизилгендигин — кыймылсыз мүлк объектисин техникалык паспорт алууга арызды Tunduk мобилдик колдонмосу аркылуу онлайн тапшыруу мүмкүнчүлүгүн билдирет.

Бул кызмат кыймылсыз мүлк объекттеринин жеке менчик ээлерине арналган жана кыймылсыз мүлктүн идентификациялык коду болгон учурда жеткиликтүү.

Арызды кантип тапшырса болот:
1. Tunduk колдонмосун ачыңыз;
2. “Менин мүлкүм” бөлүмүнө өтүңүз;
3. Кыймылсыз мүлк объектисин тандаңыз;
4. Техникалык паспорт алууга арыз тапшырыңыз.

Кызмат көрсөтүүнүн шарттары:
• Алдын ала төлөм — 500 сом;
• Аткаруу мөөнөтү — 6 жумушчу күнгө чейин;
• Арыз жактырылган учурда колдонуучу объект жайгашкан жердеги агенттиктин филиалына барып, техникалык паспортту алуу жана кошумча төлөмдү жүргүзүү үчүн чакыруу менен билдирүү алат;
• Баш тартылган учурда, себеби көрсөтүлгөн билдирүү жөнөтүлөт. Алдын ала төлөмдү кайтарып алуу үчүн ушул билдирүү менен агенттиктин каалаган филиалына кайрылуу керек.

Бул жаңы санариптик кызмат жарандарга техникалык паспортту алуунун ыңгайлуу жана ыкчам жолун камсыздап, убакытты жана административдик чыгымдарды кыскартат.

Бул жаңы мүмкүнчүлүк КР Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги, КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттиги, ошондой эле КР Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу “Түндүк” Мамлекеттик мекемеси менен биргеликте ишке ашырылган.