Электрондук документтерди алууда сак болуңуздар!

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги жарандарга төмөнкүлөрдү маалымдайт:
«Түндүк» мобилдик тиркемеси жана Мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу жөнөтүлгөн бардык расмий маалыматтык документтер жана маалымкаттар жооптуу түрдө гана расмий электрондук даректен — gosuslugi@tunduk.gov.kg — жөнөтүлөт.
«Түндүк» мамлекеттик мекемеси тарабынан жөнөтүлгөн маалымкаттарда:
• бөтөн сайттарга шилтемелер болбойт,
• файлдарды жүктөп алуу талап кылынбайт,
• жеке маалыматтарды киргизүү талап кылынбайт
Бардык расмий документтер маалыматтык мүнөзгө ээ болуп, болгону тексттик маалыматты гана камтыйт.
Эгер сизге шектүү шилтемелерди, файлдарды жүктөөнү же жеке маалыматтарды киргизүүнү талап кылган билдирүү келсе — шилтемелерди баспаңыздар, тиркемелерди ачпаңыздар.
Биздин тараптан жеке маалыматтардын үчүнчү тараптарга берилиши же чыгып кетиши катталган эмес. Колдонуучулардын жеке маалыматтарын коргоо жана маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу — биздин негизги артыкчылыгыбыз.
Жарандарды этияттуулукка жана жоопкерчиликтүү мамиле жасоого чакырабыз: электрондук билдирүүлөр расмий көрүнүшү мүмкүн, бирок алардын аныктыгын ар дайым кылдаттык менен текшерүү керек