Бишкекте Эл аралык байланыш бирлигинин форуму өтүп жатат: көңүл борборунда — МКТ тармагына кыздардын катышуусу

img

2025-жылдын 24-апрелинде КМШ өлкөлөрү үчүн Эл аралык электробайланыш бирлигинин өнүгүү боюнча аймактык форумунун алкагында маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (МКТ) жаатында кыз-келиндердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө арналган Girls in ICT атайын иш-чарасы өтүүдө.

Иш-чарада кириш сөзү менен Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министринин орун басары Рахат Жусумамбетова чыгып сүйлөдү. Ал өз сөзүндө санариптик тармактагы жыныстык теңдиктин маанилүүлүгүн белгилеп, ар бир кыз МКТ тармагында өз потенциалын ишке ашырууга шарт түзүү зарылдыгын белгиледи.

Girls in ICT демилгеси жаш кыздарды, студенттерди, адистерди жана тармактын лидерлерин санарип дүйнөсүндөгү кесиптик мүмкүнчүлүктөр, билим берүү жана лидерлик маселелерин талкуулоо үчүн бириктирет. Негизги көңүл санариптик жөндөмдөрдү өнүктүрүүгө жана инклюзивдүүлүккө бурулууда.

Форум Эл аралык байланыш бирлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин колдоосу менен уюштурулган. Иш-чарага КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, эл аралык уюмдар жана алдыңкы МКТ компаниялары катышып, санариптик технологиялардын Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдөгү ролу талкууланууда.

Girls in ICT иш-чарасы форумдун маанилүү бөлүгү болуп, аймактагы аялдардын санариптик трансформацияга тартылышынын маанилүүлүгүн көрсөтүүдө.

Иш-чаранын түз эфирин Регионалдык форумдун-КМШнын расмий сайтынан көрүүгө болот.