Бишкекте КМШ өлкөлөрү үчүн Эл аралык байланыш бирлигинин өнүктүрүү боюнча Регионалдык форуму өз ишин баштады

img

Бүгүн, Бишкекте Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдөгү маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын ролун аныктаган КМШ үчүн Эл аралык байланыш бирлигинин өнүктүрүү боюнча Регионалдык форуму өз ишин баштады.

Форум Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин колдоосу аркылуу Эл аралык байланыш бирлиги тарабынан уюштурулуп, КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын, эл аралык уюмдарынын жана МКТнын алдыңкы компанияларынын өкүлдөрү бир аянтчага чогулушту.

Кириш сөз менен Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов, Байланыш жаатындагы регионалдык шериктештигинин башкы директору Алексей Бородин жана Эл аралык байланыш бирлигинин Электр байланышты өнүктүрүү бюросунун директору Космас Лакисон Завазава мырза чыгып сүйлөштү.

Форумдун программасыда санариптик трансформациядагы, байланыш инфратүзүмүн өнүктүрүүдөгү, киберкоопсуздук жана P2C Matchmaking демилгеси аркылуу өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган төрт тематикалык тегерек үстөлдөн турат. Негизги басым акылдуу шаарлар, санариптик жеткиликтүүлүк жана санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү жаатындагы Эл аралык байланыш бирлигинин КМШ өлкөлөрү үчүн Регионалдык демилгелерине жасалды.

Форум 24-25-апрелде Бишкекте өтө турган Эл аралык байланыш бирлигинин Регионалдык даярдык көрүүчү чогулушунун жана байланыш жаатындагы Регионалдык шериктештик отурумунун алдында өткөрүлүүдө.

Иш-чараны түз эфирде көрүү мүмкүнчүлүгү КМШ-Регионалдык өнүктүрүү форумунун расмий сайтында каралды.