Президент Садыр Жапаров “G-Cloud” маалыматтарды иштеп чыгуучу борборуна барды жана IT-борборун ачты

img

2025-жылдын 24-мартында КР Президенти Садыр Жапаров “G-Cloud” маалыматтарды иштеп чыгуучу борборго барып, объекти даярдоо иштеринин жыйынтыктары жана техникалык мүмкүнчүлүктөр менен жеринен таанышты.

Ошондой эле Мамлекет башчысы IT-борбордун ачылышына катышып, анда Tunduk мобилдик колдонмосунда ишке ашырылган жаңы санариптик иштеп чыгуулар менен жакындан таанышты. Санариптик өнүктүрүү министри Азамат Жамангулов өзүнүн жеке мисалында санариптик кызматтын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү менен ID-картаны онлайн алмаштыруу процессин көрсөттү.

Президент санариптик мүмкүнчүлүктөрдүн мындан аркы кеңейишинин жана жарандар үчүн мамлекеттик кызматтын жеткиликтүүлүгүн арттыруунун маанилүүлүгүнө токтолду.