Сак болуңуздар: киберкоопсуздук ар бир адамдын колунда!

img

КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлери үчүн киберкоопсуздук боюнча окутуу өткөрүлдү. Күн сайын кибер коркунучтар көбөйүп, шылуундар тапкыч болуп баратат. Өзүңүздү жана маалыматыңызды кантип коргосо болот?

Кибергигиенанын негизги эрежелери:

• Татаал сырсөздөрдү жана эки факторлуу аутентификацияны колдонуңуздар;
• Шектүү шилтемелер аркылуу кирбеңиздер;
• Жеке маалыматтарды үчүнчү жактарга бербеңиздер;
• Программалык камсыздоону дайыма жаңылап туруңуздар.

Иш ордундагы киберкоопсуздук:

• Текшерилбеген булактардан файлдарды жүктөп албаңыздар;
• Колдонмолорду ачуудан мурун жөнөтүүчүнү текшериңиздер;
• Компьютериңизден алыстап кеткенде, аны өчүрүп коюңуздар.

Өз маалыматтарыңыздарды сактаңыздар! Санариптик мейкиндикте сак болуңуздар!