Кыргызстан менен Кытай санариптик тармактагы кызматташтыкты кеңейтүүдө

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын (4–7-февраль, 2025-жыл) алкагында Санариптик өнүктүрүү министрлиги кытай тарап менен эки меморандумга кол койду.
1. Улуттук өнүктүрүү жана реформалар комиссиясы менен түзүлгөн меморандум жасалма интеллект тармагында кызматташууну, анын ичинде биргелешкен изилдөөлөрдү, технологиялык алмашууну жана санариптик чечимдерди өнүктүрүүнү камтыйт.
2. Улуттук маалымат башкармалыгы менен кол коюлган документ санариптик экономика, маалыматтарды башкаруу жана интеграциялоо боюнча өнөктөштүктү камтыйт.
Бул келишимдер Кыргызстанда санариптик трансформацияны илгерилетүүгө жана жаңы технологияларды өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.