Кыргызстанда биринчи жолу электрондук форматтагы ченемдик укуктук актыга кол коюлду

img

Кыргыз Республикасында мамлекеттик башкарууну санариптештирүү чөйрөсүндө маанилүү кадам жасалды: өлкөнүн тарыхында биринчи жолу электрондук документ жүгүртүү системасы (ЭДТ) аркылуу ченемдик укуктук актыга толугу менен электрондук форматта кол коюлду. Башкача айтканда, бүт процесс кагаз документтерин колдонбостон бир гана санариптик форматта болгон.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров биринчи толук санариптик ченемдик укуктук актыга кол койду, бул өлкөнүн электрондук документ жүгүртүүсүн өнүктүрүүдөгү маанилүү иш жүргүзүлдү.

Ченемдик укуктук актыларга кол коюунун электрондук форматын киргизүү мамлекеттик башкарууну олуттуу оптималдаштырат:

• Чечимдерди кабыл алуу мөөнөттөрү кыйла кыскарат;

• Мамлекеттик органдардын ишинин ыкчамдуулугу жогорулайт;

• Иш-кагаздардын жүгүртүлүшү кыйла кыскарат;

• Мекемелер аралык өз ара аракеттенүү тездейт.

Долбоор техникалык жактан КР Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылган.

Ченемдик укуктук актылар менен иштөөнүн электрондук форматына өтүү мамлекеттик аппараттын кыйла натыйжалуу иштешин камсыз кылуу менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусун санариптик трансформациялоонун маанилүү этабын аяктайт.