Түрк тилдүү Мамлекеттер Уюмунун Жасалма интеллект боюнча форуму: Бишкектеги инновациялардын жана мүмкүнчүлүктөрдүн жолугушуусу

img

2024-жылдын 9-октябрында Бишкекте эки күндүк Түрк тилдүү Мамлекеттеринин Жасалма интеллект боюнча Форумы өз ишин баштады. Бул иш-чара Түрк Мамлекеттер Уюмуна мүчө болгон Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркиянын мамлекеттик органдарынын, бизнес өкүлдөрүнүн, академиялык коомчулуктун жана IT-тармактын өкүлдөрүн бириктирүүчү негизги платформага айланды.

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өзүнүн сүйлөгөн сөзүндө мындай масштабдуу жана актуалдуу иш-чаранын маанисин өзгөчө баса белгиледи: «Бул Форум өлкөбүздөгү санариптик экономика менен технологиялык чечимдерди өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп саналат. Ал түрк мамлекеттери менен эл аралык өнөктөштөрдүн ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен бул иш-чараны уюштурууга мүмкүн болду жана Жасалма интеллект тармагындагы негизги маселелерди талкуулоочу аянтчага айланды. Биз мындай демилгелер жасалма интеллект жана санариптик трансформация жаатындагы кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түзөт деп ишенебиз, бул Кыргызстандын жарандарынын жашоо сапатын жакшыртууга жана экономикалык өсүшкө маанилүү салым кошот».

Өз кезегинде КРдин санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева Форумдун Жасалма интеллект боюнча адистердин билимин жана көндүмдөрүн жогорулатуу үчүн маанилүүлүгүн баса белгиледи: «Түрк мамлекеттеринин жасалма интеллект боюнча форуму мамлекеттик башкаруу, саламаттыкты сактоо жана билим берүү сыяктуу турмуштун ар кайсы тармактарына Жасалма интеллектти киргизүүнүн мыкты тажрыйбаларын талкуулоого уникалдуу платформаны сунуш кылат. Бул бирдиктүү санариптик экосистеманы түзүүдө маанилүү кадам болуп саналат, ал биздин өлкөлөрдө туруктуу өнүгүүнү жана инновациялык чечимдерди камсыз кылат. Мындай иш-чаралар технологияларды ишке киргизүүгө гана эмес, ошондой эле Жасалма интеллект тармагында прогресстин кыймылдаткычы болгон стартаптарды жана жаш адистерди колдоого көмөктөшөт деп үмүттөнөбүз».

Түрк мамлекеттеринин Жасалма интеллект боюнча Форумунун алкагында Жасалма интеллектин санариптик трансформацияга киргизилиши, Жасалма интеллекти жөнгө салынышы жана жаңы технологиялардын жардамы менен маданий мурастарды сактоо маселелери талкууланган бир нече панелдик талкуулар жана воркшоптор өтөт.

Алдыңкы серепчилердин баяндамалы жанаЖасалма интеллект жаатындагы акыркы чечимдердин көрсөтүлүшү күтүлүүдө. Жасалма интеллект лидерлери технологиялардын келечегин жана алардын санариптик трансформациядагы ролун талкуулашат.

Негизги спикерлердин катарында Baykar Technology компаниясынын техникалык директору Сельчук Байрактар жана Google, Hello IT Safari, Meta, StrategEast, LinkedIn, БУӨП, Дүйнөлүк банк, ЮНИДО, MITтин Мартин Траст ишкердик борборунун өкүлдөрү жана башкалар бар.

Форум ошондой эле түрк мамлекеттеринен келген стартаптарга өз иштеп чыгуулары менен эл аралык аудиторияга жана инвесторлорго тааныштыруу мүмкүнчүлүктөрүн берет.

Андан тышкары, форумдун жүрүшүндө Mugalim AI, AkylAI, Digi, Uzinfocom, ГП “Инфоком”, Mystory AI, Aiacademy, Iprofi, HTP тарабынан иштелип чыккан технологиялар көрсөтүлгөн көргөзмө болот.

Эске салсак, бул иш-чара 2024-жылдын 9-10-октябрында эки күнгө созулат.