КР СӨМ: Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлери жана ага караштуу ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрүнүн кызматкерлери жалпы шаардык ишембиликке чыгышты

img

Бүгүн, 2024-жылдын 14-сентябрында, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жана ага караштуу ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрүнүн кызматкерлери Дүйнөлүк тазалык күнүнө карата өткөрүлгөн жалпы шаардык ишембиликке жигердүү катышышты. Борбордук аппараттын, ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрүнүн кызматкерлери борбор калаабызда жана өлкөнүн башка шаарларында тазалыкты сактоо үчүн бардык күчүн бириктиришти.

“Таза шаар үчүн!” деген ураан алдында Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жана ага караштуу “Түндүк” мамлекеттик мекемеси, “Инфоком” мамлекеттик ишканасы, Калкты каттоо департаменти, Байланыш тармагындагы жөнгө салуу жана көзөмөл кылуу кызматы, Архив кызматы, “Кыргызтелеком” ААК жана “Кыргызпочтасы” ААК сыяктуу мекемелердин кызматкерлери Бишкек шаарынын Пригородное айылындагы Юбилейная жана Ю.Гагарин көчөлөрүндө, ошондой эле И.Ахунбаев менен К.Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жана К.Тыныстанов менен К.Жантөшев көчөлөрүнүн кесилишинен Байтик баатыр көчөсүнө чейинки аралыкта көчөлөрдү тазалап, арыктарды тазалап, таштандыларды чогултушту.

Аймактардагы Санариптик өнүктүрүү министрлигинин ведомстволук бөлүнүштөрүнүн кызматкерлери дагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте ишембилик өткөрүп, бекитилген участокторду тазалашты.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги ишембиликке катышкан бардык кызматкерлерге ыраазычылык билдирет. Бул маанилүү экологиялык акцияга жигердүү катышуу менен биз өзүбүздүн социалдык жоопкерчилигибизди жана айлана-чөйрөгө кам көрүүгө болгон камкордугубузду көрсөтүп жатабыз.