Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине арналган почта маркасына мөөр басылды

img

Бүгүн, 12-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык юбилейине арналган почта маркасына мөөр басуу аземи болуп өттү. Иш чарага Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева, “Кыргыз почтасы” ААКнын башкы директору Марат Черикчиев, СӨМдүн ведомстволук бөлүктөрүнүн жетекчилери жана ММК өкүлдөрү катышышты.

Н.Кутнаева өз сөзүндө бул окуянын өлкө тарыхы үчүн маанисине токтолду: “Бүгүн биз өлкө тарыхында маанилүү окуя болгон Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесин белгилөө үчүн чогулдук. Бул тарыхый окуя биздин республикабыздын эгемендүүлүгүнө болгон умтулуусунун символу болуп саналат”, – деди Н.Кутнаева өз сөзүндө.

Почта маркасы тарыхый мурасты урматтоонун символу болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө олуттуу таасир тийгизген окуянын маанилүүлүгүн эске салат.

Маркада кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышында жана өнүгүшүндө негизги ролду ойногон көрүнүктүү инсандар чагылдырылган:

Ишеналы Арабаев (1882-1933) – агартуучу, “Кыргыз алиппеси” кыргыз мектептери үчүн биринчи окуу китебинин автору, кыргыз тилиндеги биринчи “Эркин-Тоо” гезитинин башкы редактору, “Манас” эпосун жыйноо жана жазуу боюнча топтун жетекчиси. Анын Кыргызстандын билим берүү жана маданиятына кошкон салымы баа жеткис.

Иманалы Айдарбеков (1884-1938) – Кара-Кыргыз революциялык комитетинин башчысы (1924-1925), Кыргыз АССРинин Башкы сотунун төрагасы (1927-1929), андан кийин республиканын жеңил өнөр жай жана соода эл комиссары. Анын ишмердүүлүгү биздин өлкөнүн укуктук тутумун жана экономикалык өнүгүүсүн калыптандырууда чечүүчү ролду ойногон.

Абдыкадыр Орозбеков (1889-1938) – падышалык армияга чакырылууга каршы орто азиялык көтөрүлүштүн катышуучусу (1916), Кыргыз АССР / Кыргыз ССРинин Борбордук Аткаруу Комитетинин президиумунун төрагасы (1927-1937). Анын адилеттик жана көз карандысыздык үчүн күрөшү Кыргызстандын тарыхындагы маанилүү баракка айланды.

Абдыкерим Сыдыков (1889-1938) – кыргыздардын тарыхы жана санжырасы боюнча эмгектердин автору. 1916-жылкы Орто Азия көтөрүлүшүн басууга көмөктөшкөндүгү үчүн 3-даражадагы Ыйык Станислав ордени менен сыйланган. Кыргыздардын автономиялуу мамлекеттүүлүгүн түзүү идеясын көтөргөндөрдүн бири болгон. 1922-жылы декабрда СССРди түзгөн Советтердин уюштуруу съездинде жалгыз кыргыз делегаты болгон.

Жусуп Абдрахманов (1901-1938) – 1920-жылдардын башында Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаев жана башкалар менен бирге Түркстан Республикасынын курамында тоолуу облус түзүү сунушун киргизген. 26 жашында Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Кеңешинин Төрагасы болуп дайындалган. Анын жаштыгы жана энергиясы жаңы мамлекеттүүлүктүн жаралышына түрткү болду.