Tunduk жаңы ыңгайлуу функционалды сунуштайт: КТБнын электрондук кезегиндеги мульти-талон

img

Tunduk сервисинде эми мульти-талон функциясы жеткиликтүү, ал Калкты тейлөө борборлорунда (КТБ) кызматтарды алуу процессин кыйла жөнөкөйлөтөт. Бул инновациянын аркасында бир талон азыр бир эле учурда бир нече адамдын кызматын камтый алат, бул процессти ыңгайлуу жана натыйжалуу кылат, айрыкча паспорт алуу, каттоо, жашаган жерине каттоо, чет өлкөлүктөрдү каттоо ж. б.

Жаңы мүмкүнчүлүктөр:

• 1ден 10 кишиге чейин тейлөө. Жарандар эми Tunduk тиркемеси аркылуу бир нече талон менен бирден он кишиге чейин кызмат ала алышат. Бул жаңылык каттоо жана документтерди тариздөө процессин жөнөкөйлөтүп, жарандардын убактысын үнөмдөйт.

• Үй-бүлөлөр жана топтор үчүн кызматтар. Мульти-талон төмөнкү кызматтар үчүн да жеткиликтүү:
o жарандыкка кабыл алуу (10 адамга чейин);
o жарандыктан чыгуу (10 адамга чейин);
o актылык жазууга өзгөртүүлөрдү жана оңдоолорду киргизүү (10 адамга чейин)

Бул функция үй-бүлөлөр жана топтор үчүн арыздарды берүүнү жеңилдетүү, убакытты үнөмдөө жана КТБ менен өз ара аракеттенүүнү жеңилдетүү үчүн арналган.

Система КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы “Инфоком” МИси тарабынан иштелип чыккан жана КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы “Түндүк” ММси менен бирдикте тиркемеде ишке ашырылган.