Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги борбордук аппараттын мамлекеттик жарандык кызматынын кенже административдик кызмат орундарынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүү жөнүндө жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги борбордук аппараттын мамлекеттик жарандык кызматынын кенже административдик кызмат орундарынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүү жөнүндө жарыялайт

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын кенже тобу үчүн жалпы квалификациялык талаптар:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы.
2. «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Административдик кызмат орундарынын бардык топтору үчүн:
• Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерин билүү.
• Компьютердик сабаттуулук жана зарыл программалык продуктуларды билүү (Word, Excel, «ТОКТОМ МамлекетПро» маалыматтык укуктук системасы).

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын кенже тобу үчүн кесиптик билим берүү деңгээли:

Эл аралык кызматташтык чөйрөсүндө

– эл аралык мамилелер багыты боюнча жогорку билим;
– ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген, Кыргыз Республикасынын мыййзамдарында аныкталган мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө сертификаттын болушу (артыкчылык берилет).

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын кенже тобу үчүн БИЛҮҮ
– “Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө”, “2014-жылдын 29-майындагы Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге кошулуусу боюнча эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-мартындагы № 138 “Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы иштерди уюштуруу жөнүндө” токтому;
– 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишим;
– 2007-жылдын 6-октябрындагы Бирдиктүү бажы аймагын жана Бажы бирлигин түзүү жөнүндө келишим;
– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл көлөмдө анлгис тилдин билүү.

Финансы-экономикалык пландоо чөйрөсүндө

– экономика, финансы, менеджмент багыты боюнча жогорку билим;
– ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө сертификаттын болушу (артыкчылык берилет).

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын кенже тобу үчүн БИЛҮҮ
– «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги жөнүндө жобо;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-июнундагы № 29 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүү, маалыматтык технологияларды жана байланышты инновациялык өнүктүрүү фонду жөнүндө жобо.

Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн квалификациялык талаптар:
Иш стажы жана тажрыйбасы:
– иш стажына талаптар коюлбайт.

Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн билүү:
– жогоруда турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
– документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
– тийиштүү тармакта ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;
– кызматтык милдеттерине ылайык өзүнүн ишин натыйжалуу пландоо
– жарандардын кайрылууларын кароо жана алар боюнча жооп даярдоо;
– мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
– командада иштей билүү;
Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн көндүмдөр:
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
– компьютердик жана уюштуруу техникасы, зарыл программалык продуктулар менен иштей билүү.

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

– жеке арыз, кадрларды эсепке алуу баракчасы, фотосүрөт (3*4 1 даана), резюме (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө көрсөтүү менен);

– паспорттун көчүрмөсү (паспорттун же ким экендигин ырастоочу документтин түп нускасы конкурска документтерди тапшырууда, ошондой эле тестирлөө этабында көрсөтүлөт);

– зарыл кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын тастыктаган документтер (нотариалдык же иштеген жери боюнча кадрларды башкаруу кызматы тарабынан күбөлүндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими тууралуу, квалификацясын жогорулатуу тууралуу, илимий даражасын же илимий наамды ыйгаруу тууралуу документтердин көчүрмөлөрү);

– сунуштама кат (артыкчылык берилет);

Толук маалымат Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин веб-сайтында жайгаштырылган www.digital.gov.kg.

Көктөмөгө тиркелген документтерди 2024-жылдын 30-июлунан тартып 8-августун кошуу менен Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү, 119 дареги боюнча № 128 иш бөлмөсүнө тапшыруу зарыл, телефон: 60-50-04.