“Почта байланышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу БИЛДИРҮҮ

“Почта байланышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
БИЛДИРҮҮ

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги укуктук жөнгө салууну талкуулоо жана кызыкдар адамдардын сунуштарын топтоо башталгандыгы жөнүндө билдирет.

1. Чечүү үчүн сунушталган, жөнгө салууга багытталган көйгөйлөрдү сыпаттоо (мүмкүн болсо, тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү)
“Почта байланышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (мындан ары – Мыйзам) 2001-жылдын 20-июнунда № 52 менен кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын почта байланыш тармагын өнүктүрүү процессинде жогоруда аталган Мыйзамга бир нече жолу өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 203 “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасын “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коомуна кайра түзүү жөнүндө” токтомуна ылайык ишкана акциянын 100 пайызын мамлекеттин менчигине сактоо менен кайра түзүлгөн.
Ушуга байланыштуу Мыйзамды төмөнкүдөй түшүнүктөр менен толуктоо зарылдыгы пайда болду:
«Почта байланышынын улуттук оператору – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык расмий статуска ээ почта байланыш ишканасы»;
«Почта байланыш мамлекеттик ишканасы – почта байланыш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагында турган жана почта жөнөтмөлөрүн, акча которууларын кабыл алуу, иштеп чыгуу, жөнөтүү жана жеткирүү, почтаны республиканын ичинде жана андан тышкары ташуу, ошондой эле пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөө боюнча кызматтарды көрсөтүүчү менчиктин бардык түрүндөгү почта уюмдары»;
«Мамлекеттик эмес почта байланыш ишканалары – лицензиянын негизинде почта кызматтарын көрсөтүүчү жана ушул Мыйзамды жетекчиликке алуучу менчиктин каалаган түрүндөгү уюмдар».
Андан тышкары почта кызматтарын көрсөтүүнүн өнүгүп жаткан рыногунун шарттарында Мыйзамды акталдаштыруу зарылдыгы пайда болду.

2. Сунушталган жөнгө салуунун максаттарын (мүмкүн болсо, тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү) жана көйгөйлөрдү чечүү ыкмаларын сыпаттоо
Азыркы учурда почта кызматтарын көрсөтүү рыногунун реалдуу шарттарын эске алуу менен Мыйзамдын ченемдерин актуалдаштыруу.

3. Сунушталган жөнгө салуунун күтүлүүчү пайдаларын жана артыкчылыктарын баалоо (мүмкүн болсо, тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү)
Мыйзамга көрсөтүлгөн өзгөртүүлөрду киргизүү почта байланышынын улуттук оператору жөнүндө, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эмес почта байланыш ишканалары жөнүндө так түшүнүк берүүгө мүмкүндүк берет.

4. Болушу мүмкүн жагымсыз кесепеттерди баалоо (мүмкүн болсо, тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү)
Колдонуудагы Мыйзам почта байланыш тармагынын өнүгүү шарттарында актуалдаштырууну талап кылат, болбосо укук колдонуу практикасынын маселелеринде коллизиялар, боштуктар жана дал келбестиктер пайда болушу мүмкүн.

5. Ишкердик субъекттеринин – сунушталган жөнгө салуунун адресаттарынын санына мүнөздөмө жана баалоо
Почта операторлорунда жүз миңдеген абоненттер болушу мүмкүн. Бул почта кызматтарын көрсөтүү бир топ сандагы юридикалык жана жеке жактарга таасир тийгизерин билдирет.
Почта байланыш операторлору керектөөчүлөр үчүн почта кызматтарын көрсөтүү менен экономикада маанилүү ролду ойнойт. Почта кызматтарын көрсөтүүнү жөнгө салуу операциялык чыгымдарга жана инвестициялык чечимдерге таасир тийгизе алат.

6. Жөнгө салууну киргизүүгө байланыштуу анын потенциалдуу адресаттарынын кошумча чыгымдарын жана пайдаларын болжолдуу баалоо
Потенциалдуу адресаттардын чыгымдары жана пайдалары конкреттүү учурга көз каранды, ага ылайык укуктук механизм киргизилет.

7. Сунушталган жөнгө салууну киргизүүгө байланышкан чыгымдарды жана республикалык/жергиликтүү бюджеттин пайдаларын болжолдуу баалоо
Ушул токтомдун долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбайт.

Билдирүүгө коомдук консультациялардын катышуучулары үчүн суроолордун тизмеги тиркелет:
– көрсөтүлгөн көйгөйлөр туурабы, жөнгө салууну өзгөртүү менен чечүү керекпи;
– көрсөтүлгөн максат жетүү үчүн негиздүүбү, маанилүүбү;
– көйгөйлөрдү чечүүнүн сунушталган жолу (жөнгө салуу) эң артыкчылыктуубу;
– сунушталган жөнгө салуу кабыл алынган учурда, кандай пайдалар жана артыкчылыктар болот;
– сунушталган жөнгө салуу кабыл алынган учурда, кандай тобокелдиктер жана терс кесепеттер болушу мүмкүн;
– көйгөйлөрдү чечүүнүн көбүрөөк натыйжалуу альтернативдүү жолдору барбы;
– сунушталган жөнгө салуу боюнча жалпы ой-пикирлер.
Суроолордун тизмеги кеңейтилиши мүмкүн.

Билдирүүнүн маалыматтарын талкуулоо үчүн байланышуу жана мөөнөтү:
1. Сунуштар электрондук почта боюнча кабыл алынат ccherikov@digital.gov.kg
2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү кечиктирилбейт 25.07.2024-ж.
3. Иштеп чыккан органдын расмий сайтына сунуштардын жана жооптордун реестрин жайгаштыруу мөөнөтү кечиктирилбейт 30.07.2024-ж.