«Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө билдирүү

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги кызыкдар жактардын укуктук жөнгө салуу боюнча талкуулоосу жана сунуштар менен сын пикирлерди чогултуусу башталгандыгы тууралуу кабарлайт.

1. Сунуш кылынган жөнгө салууну чечүүгө багытталган маселелердин баяндалышы:
2023-жылдын 31-августунда «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана «Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө», «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» КРдин Мыйзамы күчүнө кирген, ага ылайык балдардын маалымат-телекоммуникациялык тармактар (анын ичинде Интернет тармагы) аркылуу таратылуучу маалыматка жетүүсү аталган байланыш операторлору тарабынан алардын ден соолугуна же өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматтан балдарды коргоонун техникалык, программалык-аппараттык каражаттарын колдонуу шарты менен байланыш операторлору тарабынан берилет.
Бирок, операторлор коому, Мыйзамдын 3-1-беренесинин талаптарын ишке ашыруу техникалык жактан алганда төмөнкү негиздемелерден улам мүмкүн эместигин билдирди. Учурда интернет ресурстардын басымдуу бөлүгү (90 %дан ашыгы) аны пайдаланууда жөнөтүүчү менен алуучунун ортосунда шифр менен жазылган каналды түзгөн https протоколун колдонот, анын ачкычын байланыш операторлору (интернет-провайдерлер) ала албай жатышат, мында техникалык жактан трафиктин агымында кетип жаткан контентти идентификациялоого мүмкүн эмес, башкача айтканда кетип жаткан маалыматтардын балдардын ден соолугуна же өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү болуп саналгандыгын аныктоого мүмкүн эмес. Азыркы учурда сайттардын көпчүлүгү https протоколун колдонушат, ал шифр менен жазуу аркылуу туташтырат жана белгиленген туташтырууга карата болгон ар кандай кийгилишүүлөр шифрди чечмелөөнү жана трафикти кайрадан жиберүүнү талап кылат, бул техникалык жактан алганда мүмкүн эмес нерсе.
Андан тышкары, байланыш оператору интернет-сессиянын учурунда колдонуучунун жаш курагын аныктоого мүмкүнчүлүгү жок. Демек, коргоочу техникалык каражаттарды пайдалануу шарттарында балдарга маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн берүү талабы техникалык жактан мүмкүн эмес болуп саналат.
Электр байланышы (фиксацияланган же көчмө радиотелефон байланышы) оператору электр байланышы тармагына туташууну гана камсыз кылгандыгына жана өткөрүлүп берилип жаткан маалыматтардын мазмундары менен таанышууга жана алардын таратылышына кийлигишүүгө укугу жок болгондугуна байланыштуу ал аны таратуучу болуп саналбайт. Демек, электр байланышынын оператору байланыш жана маалыматтарды берүү кызматтарын пайдаланууда абонент берген (алган) маалыматтын мазмунуна жетүү үчүн техникалык да, мыйзамдуу да же укуктук да ыйгарым укуктарга ээ боло албайт жана контентти иш жүзүндө жайгаштырбайт жана таратпайт, анткени электр байланышынын операторлору берилип жаткан маалыматтын мазмунуна кийлигише албай абоненттердин ортосунда электр байланышынын сигналдарын берүүнү гана камсыз кылышат.
Ошол эле учурда балдарды алардын ден соолугуна же өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматтардан, анын ичинде Интернет тармагынын каражаттары боюнча жайылтылган жана өзгөчө балдар үчүн пайдалуу гана эмес коркунучтуу да болушу мүмкүн болгон маалыматтардан коргоо зарылдыгы сакталууда.
Төмөндө балдарды Интернет тармагынан коргоого өзгөчө көңүл буруунун эң көп кездешкен себептери келтирилген:
– Анык эмес маалыматтар: Интернет тармагында эӊ эле көп сандагы маалыматтар берилген, бирок алардын баары эле ишенимдүү эмес. Ошентип кооз, жагымдуу оролгон маалыматтардын бардыгын бала факт катары кабыл ала берет, чындыгында бул жөнөкөй баалуулуктарды алмаштыруу болушу мүмкүн, мында ата-энени сыйлоо адепсиздикке, өзүнө тиешелүү чек эгоизм жана чексиз уруксат ж.б. менен алмаштырылат;
– Кибербуллинг: бул электрондук түзүлүштөрдүн жардамы менен ишке ашырылуучу бейбаштык. Балдар социалдык тармактардагы, форумдардагы, чаттардагы ж.б. кибербуллингдин курмандыгы болуп калышы мүмкүн. Андан кийин адатта кибербуллинг чыныгы жашоодо башталат да көпчүлүгү кайгылуу аяктайт;
– Кибержырткычтар: Интернетте балдарга зыян алып келүү үчүн аларды атайын издеген адамдар болот. Кибержырткычтар балдардын ишенимине ээ болуу жана андан кийин аларды эксплуатациялоо үчүн ар түрдүү ыкмаларды колдонушу мүмкүн;
– Онлайн көз карандылык: Интернетти ашыкча колдонуу онлайн көз карандылыкка алып келиши мүмкүн. Өтө эле көп убактысын Интернет менен өткөргөн балдар окуусунда, өзү курактуулар менен сүйлөшүүдө жана башка милдеттерин аткарууда кыйынчылыктарга дуушар болушу мүмкүн. Коркунучтун мындай түрлөрүнө кумарпоз оюнчуга айлантуучу, ошондой эле контентти визуалдаштыруучу онлайн оюндар да кирет, бул акыл-эстин өнүгүүсүн чектей тургандыгы жана башка түрлөрдө (жазуу түрүндө, оозеки түрдө) берилген маалыматтарды кабыл албоону жараткандыгы далилденген;
– Финансылык алдамчылык: Балдар аларды Интернет аркылуу алдаган алдамчылардын курмандыгы болуп калышы мүмкүн. Алдамчылар балдардын жеке маалыматтарын алуу жана баланын, анын ата-энесинин финансылык маалыматтарына кирүү үчүн ар кандай ыкмаларды колдонушу мүмкүн.

2. Сунушталган жөнгө салуунун максатын жана маселени чечүү ыкмасын баяндоо:
Мыйзам долбоорун иштеп чыгуунун максаты болуп Интернет тармагында балдарды коргоо боюнча жүзөгө ашырылып колдонулуп кетүүчү талаптарды иштеп чыгууга мүмкүндүк берүүчү механизмдерди түзүү саналат. Ошого байланыштуу «Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-1-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү суншталууда.

3. Сунушталган жөнгө салуунун күтүлүүчү пайдасын жана артыкчылыктарын баалоо.
Укуктук жөнгө салууну конкреттештирүүдө:
Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматтардан Интернет тармагында балдарды коргоо ыкмасын аныктоого жана түзүүгө мүмкүндүк берүүчү колдонулуучу укуктук механизмди түзүүгө мүмкүнчүлүк болот.

4. Мүмкүн болгон терс таасирлерди баалоо:
Сунушталган жөнгө салууну ишке киргизүүдө жагымсыз кесепеттер күтүлбөйт.

5. Сунушталган жөнгө салуунун адресаттарынын – ишкердик субъекттеринин санына мүнөздөмө жана баа берүү:
Маалымат берүү тармагынын операторлору, маалымат берүү тармагынын абоненттери.

6. Сунушталган жөнгө салуунун аны ишке киргизүү менен байланышкан кошумча чыгымдарын жана потенциалдуу адресаттарынын пайдасын болжолдуу баалоо:
Потенциалдуу адресаттардын чыгымдары жана пайдасы укуктук механизм киргизиле турган конкреттүү учурга жараша болот.

7. Сунушталган жөнгө салууну киргизүү менен байланышкан Кыргыз Республикасынын бюджетинин чыгымдарын жана пайдасын болжолдуу баалоо:
Сунушталган жөнгө салууну ишке ашыруу мамлекеттик бюджеттен финансылык чыгымдарды алып келбейт.

Коомдук консультациялардын катышуучулары үчүн суроолордун тизмеси:
– аталган маселелер туурабы, жөнгө салууну өзгөртүү жолу менен чечүүнү талап кылабы;
– белгиленген максат ийгиликтерге жетүү үчүн негизделген, маанилүү болуп саналабы;
– сунушталган жөнгө салуу маселелерди чечүүнүн эң артыкчылыктуу ыкмасыбы;
– сунушталган жөнгө салуу кабыл алынган учурда кандай пайдалар жана артыкчылыктар болушу мүмкүн;
– сунушталган жөнгө салуу кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс кесепеттер болушу мүмкүн;
– көйгөйлөрдү чечүүнүн альтернативдүү дагы натыйжалуу жолдору барбы;
– сунушталып жаткан жөнгө салуу боюнча сиздин жалпы пикириңиз.

Байланышуу жолдору жана билдирүүнүн маалыматтарын талкуулоонун мөөнөтү:

1. Сунуштар кабыл алынат:
– электрондук почта боюнча tklochkova@digital.gov.kg
– почта дареги боюнча 720055, Бишкек ш., Ахунбаев көч, 119
2. Сунуштарды кабыл алуунун мөөнөтү 19.07.2024-ж.
3. Иштеп чыгуучу органдын расмий сайтына сунуштардын жана жооптордун реестрин жайгаштыруунун мөөнөтү 22.07.2024-ж.