КР Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева Кыргызстандын санариптик өнүгүүсүнүн жана финансылык технологияларынын жетишкендиктери жана келечеги менен тааныштырды

img

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева Франкфурт-на-Майне шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында Кыргызстандын санариптик өнүгүүсүнүн жана финансылык технологияларынын жетишкендиктери жана келечеги менен тааныштырды.
Иш сапар 2024-жылдын 20-21-июнунда “Кыргызстандын экономика күнү Франкфурт-на-Майне шаарында” кыргыз-герман бизнес форумунун жүрүшүндө өттү, кыргыз делегациясын Министрлер Кабинетинин жетекчисинин биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жетектеди.

Министр Кутнаева өз сөзүндө банктарды мамлекеттик системалар, өз ара аракеттенүү платформасы, кызматтар жана Кыргыз Республикасынын
Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы менен интеграциялоо аркылуу финтехти өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындай интеграция банктардын кардарларына ыңгайлуу жана ыкчам кызматтарды көрсөтүү, тейлөө сапатын жана финансы институттарына болгон ишенимди жакшыртып, банктар менен мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жана коопсуздугун кыйла жогорулатат. “Финансылык-технологиялык инновацияларды өнүктүрүү бүтүндөй өлкөнү санариптештирүүнүн маанилүү компоненти болуп саналат. Кыргызстан бул тармакты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, туруктуу жана натыйжалуу прогресс үчүн бардык күч – аракетин жумшоодо”, – деп белгиледи Кутнаева.

Сөзүнүн аягында Кутнаева Германиянын өкүлдөрүн Кыргызстанга келип кетүүгө чакырып, Санариптештирүү, тактап айтканда, жогорку технологиялар паркы жана мамлекеттик компаниялар менен кызматташууну сунуштады.