Вернуться к списку новостей

«Санариптик экономика» онлайн марафонунун үчүнчү жумасындагы вебинарлардын негизги жыйынтыктары

“Санариптик экономика” онлайн марафонунун үчүнчү жумасында дагы нече вебинарлар жүргүзүлдү. Төмөндө вебинарлар боюнча кыскача маалымат алууга болот. “Санариптик экономика” темалары боюнча онлайн марафону «Санарип Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформация концепциясын ишке ашыруу алкагында өткөрүлүүдө. Иш чаранын уюштуруучулары – КР Жогорку технологиялар паркы, КР Экономика министрлиги жана МТБМК өнөктөштүгү.

  • “Чат боттор жана бизнес процесстерин автоматизациялоо” вебинары

Чат-бот – бул кардарлар менен өз алдынча байланышуу үчүн программасы. Чат-бот өзүнүн көрүнүшү менен сатып алуучу менен сатуучулардын ортосундагы жаңы байланыш доорун башталышын койду. Инструмент ар түрдүү бизнес-тармагында таанымал жана анын мүмкүнчүлүктөрү ар дайым өсүп жатат.

Манилүү. Азырку учурда адамдар телефон менен аз байланышып жана дүкөндөргө аз барып турушат.  Ошондуктан коммуникация үчүн жасалма интеллект жаңы керектөө тренддердин күтүлүүдө. Аны менен бизнес конкреттүү маселелерди чечет: кеңеш берүү, сатууну кеңейтүү, кардарлардын кайрылууларын колдоо ж.б.

Кеңеңирээк маалымат үчүн шилтеме – https://neobis.kg/

  • “В2В үчүн IT инструменттери. Бизнес үчүн пайда”.

В2С өз ара аракетинүү үчүн сунуштарды кеңири өнүктүрүү менен бирге, В2В сунуш мурдагыдай эле чектелген. Айыл чарбасында санариптештирүүнү колдоо жана өнүктүрүү масштабы боюнча башка секторлордон салыштырмалуу өзгөчө артта калууда. IT инструменттерди колдонуу көп процесстердин натыйжалуулугун, оптималдаштырууну ошондой эле пайда жогорулатууга жардам берет.

Вебинарда IT чечимдери берүүчү-сатуучу компания функционалдардын жана инструменттердин мүмкүнчүлүгүн жарыялады. Бул чечимдери көп тилдүү болуп саналат – кыргыз, орус, англис жана таджик тилдерди колдоого алынат. Бул чечимдер арасында:

  1. Айыл чарба ишканалары, сактоо жайлары жайгашкан жерлер, айдоо аянттары, экспорттоо учурунда чек аранын өтүү пункттары ж.б. боюнча маалыматтар берилген айыл чарба карталары.
  2. Жашылча, жер-жемиш жана тоют өсүмдүктөрүн өндүрүү үчүн, ошондой эле специалисттер текшерген оорулар, зыянкечтерлер жана башка маалыматтарды камтыган мобилдик тиркеме.

Манилүү! Айыл чарбасында санариптештирүүнү колдоо жана өнүктүрүү масштабы боюнча башка секторлордон финансылык жана салыкты санариптештирүүгө салыштырмалуу өзгөчө артта калууда. Ошондой эле өлкөдө IT технологияларын орто жана чакан бизнести өнүктүрүү үчүн пайдаланууну маданияты төмөн көрсөткүчтү көрсөтүп жатат. В2В өз ара аракеттенүү өнүктүрүү үчүн IT инструменттерди колдонуу өз ара пайдалануу болуп саналат, айыл-чарба өндүрүүчүлөрү үчүн да, айыл чарба азыктарын, техниканы, жабдууларды сатуучулар жана консультанттарды үчүн.

Бул чечимдин мисалында салттуу процесстерди жүргүзүүнүн жаңы деңгээли көрсөтүлүп жатат. Платформага шилтеме – http://agro-asia.com

  • “Пандемия учурунда маркетинг. Lalafo компаниянын  мисалында” вебинары

Вебинар маркетологдорго, ретейлерлерге, чекене соода дүкөндөрдүн ээлери үчүн пайдалуу болду. Интернет-коммерциянын өнүгүү деңгээли пандемияга байланыштуу 2025-жылдын деңгээлине жетти. Сатып алуучулардын жүрүм-туруму мурда эч качандай чукул өзгөрүлдү.

Lalafo компаниянын мисалында: ӨА киргизүү учурунда кандай кыйынчылыктарга туш болду, эмнени кылышкан жана эмне үчүн, кандай натыйжа болду маселелер талкууланды.  

Кеңеңирээк маалымат үчүн шилтеме – https://lalafo.kg/

Проект создан при поддержке Программы развития ООН 

Мнения, выраженные в материалах, не обязательно отражают точку зрения Программы развития Организации Объединенных Наций в Кыргызстане, ее программ/проектов или правительств. Употребляемые обозначения не означают выражения какого-либо мнения относительно правового статуса той или иной страны, территории или района, или их границ и не отражают официальную точку зрения указанной организации. 

Вернуться к списку новостей