Вернуться к списку новостей

“КРдагы санариптик экономика” онлайн марафонунун төртүнчү жумасындагы вебинарлардын тизмеси

“КРдагы санариптик экономика” онлайн марафонунун алкагында кийинки жумадагы вебинарлардын тизмесин тартуулайбыз. Санариптик экономика онлайн марафонунун темалары «Санарип Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформация концепциясын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүүдө. Иш чаранын уюштуруучулары – КР Жогорку технологиялар паркы, КР Экономика министрлиги жана МТБМК өнөктөштүгү.

  1. 27-июль, саат 16:00 –Тобокелчиликтерди башкаруу жана финансылык чалгындоо бөлүмдөрү үчүн Digital инструменттери (АКШдан спикер). Катталуу үчүн шилтеме – https://forms.gle/KtpX7ybU5UVyGhUW9
  2. 29-июль, саат 16:00 – ТЖК чарбасындагы санариптештирүү. Катталуу үчүн шилтеме – https://forms.gle/YW7sdYXFpY5qNQwN8
  3. 30-июль, саат 16:00 – Бизге блокчейн керекпи? (Сппкер – Даниил Вартанов, Улуу Британия). Катталуу үчүн шилтеме – https://forms.gle/tUduZJG7TG1GFrtZA
  4. 4-август, саат 17:00 – Cisco Webex Meetings, Cisco Webex Teams – биргелешкен иш үчүн кызматтар (спикер – Руслан Шаймарданов, Казахстан). Катталуу үчүн шилтеме – https://forms.gle/C9Dafhj3XQXLbjFp7

Эскерте кетсек, санариптик экономика боюнча вебинарларынын максаты – ийгиликтүү кейстер жөнүндө айтып берүү аркылуу экономиканын ар түрүү тармактарына инновациялык санариптик чечимдер тууралуу маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн тартуулоо, санариптик көндүмдөргө жана компетенцияга ээ болуу аркылуу калктын эмгек жумуштуулугун колдоо, ошондой эле эпидемиялык кесепеттер шартында бизнестин иштешин жакшыртууга көмөк көрсөтүү.

Июль айы аралыгында марафондун спикерлери санариптик технологиялар кантип эффективдүүлүктү жогорулатат, процесстерди жана чыгашаны оптималдаштырат, байланышты, логистика жана бизнес-процесстерди кантип жакшыртаарын айтып берет. Ошондой эле коронавирус пандемиясы сыяктуу учурларда санариптик технологиялар туруктуу болууга жардам берери тууралуу сөз болот. Демилге көрсөтүүнүн жыйынтыгында марафондун катышуучулары өздөрүнүн дүйнөлүк жана жергиликтүү рынокто атаандаштыкка жарамдуулугун жакшыртуу үчүн технологиялык чечимдерди кабыл алууда туура багыт ала алуусу күтүлүүдө.

Марафондо өлкөбүздөгү ар кандай бизнес-ассоциациялар катышат, анын ичинде JIA бизнес-ассоциациясынын, жеткирүүчүлөр ассоциациясынын (өндүрүүчүлөр жана дистрибьюторлор), “Дордой” ассоциациянын мүчөлөрү, агро өнөр жай секторунун, туризм индустриясынын жана жашылча-жемиш ишканалаардын өкүлдөрү болмокчу.

Санарип мЕн! Санарип Кыргызстан! Санариптүү бол!

Суроолор боюнча: events@htp.kg , байланыш тел – 0555 221 146 байланышыңыз

Проект создан при поддержке Программы развития ООН 

Мнения, выраженные в материалах, не обязательно отражают точку зрения Программы развития Организации Объединенных Наций в Кыргызстане, ее программ/проектов или правительств. Употребляемые обозначения не означают выражения какого-либо мнения относительно правового статуса той или иной страны, территории или района, или их границ и не отражают официальную точку зрения указанной организации. 

Вернуться к списку новостей