Вернуться к списку новостей

Бишкекте “КИТ 2019” Маалыматтык технологиялар форуму болуп өттү

КР МТБМК «ГИИП» Фонду менен бирдикте Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин базасында өлкөнүн жетекчилигинин катышуусу менен жетинчи Кыргызстандык Маалыматтык технологиялар Форумун(“КИТ 2019”) өткөрүштү.

24-Сентябрь 2019-ж.

КИТ 2019 – Кыргызстандын МКТ жаатындагы ири иш-чара. Форумга 4000ге жакын катышуучу, ошондой эле чет элдик спикерлер – Россиядан, Казакстандан, Украинадан, Финляндиядан жана АКШдан кеклген алдыңкы  адистер катышты. Ошондой эле Форумга КР Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары А.М. Кененбаев катышты.

Форумдун расмий ачылышы МКТ жаатындагы жетишкендиктери үчүн сыйлыктарды тапшыруу менен башталды. “Мыкты IT кызмат” номинациясында маалымат тутумдарын иштеп чыгуу жана жайылтуу үчүн “Инфоком” МИ, “ЭАБ” МИ, “Инфо – система” МИ, “АйТи Сервис” МИ сыйлыктарды алышты. Ошондой эле, төмөнкү номинациялар боюнча дагы сыйлыктар тапшырылды:

  • “Эң мыкты социалдык долбоор” – билим берүүчү жаштар порталы www.bilesenbi.kg,
  • “Жылдын IT персонасы” – негиздөөчүсү жана “Улут Софт” компаниясынын жетекчиси Мирбек Окенов,
  • “Жылдын ачылышы” – Ч. Айтматов атындагы лицейдин информатика мугалими Кылычбек Ураимов,
  • “Кыргызстандын IT чөйрөсүн өнүктүрүү үчүн” – Электрондук коммерция Ассоциациясы.

КР МТБМКнын төрагасы Дастан Догоев “Санарип Кыргызстан 2019-2023” санариптик трансформациялоо концепциясын аткаруу үчүн ишке ашырылуучу “Мамлекет платформа катары”демилгесинин алкагындагы жетишкендиктер жана ишке киргизилген долбоорлорду презентациялады. Санариптик чечимдер санариптик платформанын базасында мамлекеттик жана жеке кызматтардын кеңири спектрин жайлууга, ыкчам жана жеткиликтүү  болуусуна мүмкүндүк берет. Дастан Догоев кыска мөөнөттүн ичинде көрсөтүлгөн кызматтардын саны олуттуу көрсөткүчтөргө жетишилгендигин  айтып өттү жана жылдын аягына чейин санариптик кызматтардын жана сервистердин жалпы санын 189га жеткирүү, ал эми пайдаланууларды 0,5 млн. чейин жеткирүү  пландалууда.

КР МТБМКнын төрагасынын презентациядан кийин Форум  өз ишин 10 секциядан улантты: кибер коопсуздук жана жеке маалыматтарды коргоо; ачык маалыматтар жана санариптик мамлекеттик кызмат көрсөтүү; санариптик маркетинг; ЕЭБнин санариптик платформасы; электрондук коммерция; game development; it билим, салыктык фискалдаштыруу жол-жоболору жана стартаптар көргөзмөсү, алардын алкагында талкуу жүргүзүлдү жана  мастер-класстар, тегерек столдор өткөрүлдү.

Кыргызстандын IT форуму бул чөйрөдөдү  Кыргызстанда да, дүйнө жүзү боюнча да орун алган акыркы жетишкендиктерди көрүү мүмкүнчүлүгүн берген маанилүү окуя болуп эсептелет.

“КИТ 2019” форумунун уюштуруучулары – Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети, “ГИИП” коомдук фонду, Билим берүү жана илим министрлиги, Жогорку технологиялар паркы. Форумдун башкы өнөктөштөрү – “Digital CASA – Кыргыз Республикасы” долбоору жана Кыргыз-Түрк “Манас” университети. Башкы демөөрчүлөр О! мобилдик оператору, “Касперский лабораториясы”, “Акнет” интернет – провайдери, Медиа-өнөктөштөр – Кактус.медиа, Namba.kg. Форумдун өнөктөштөрү  –  КАРПОУ, IT Academy, Mad Devs, Grimwood, I DO MARKETING, Маалыттардын мектеби, Электрондук коммерция ассоциациясы, Байланыш операторлор ассоциациясы.

Толук маалымат – http://kit2019.gipi.kg.  сайтында.

Вернуться к списку новостей