Вернуться к списку новостей

Евразия экономикалык бирлигинин мүчөлөрүнө «Түндүк» система аркылуу маалыматтарды берүү мүмкүнчүлүгү ачылды

КР Биринчи вице-премьер-министри К.А.Бороновдун тапшырмасынын алкагында, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын ортосунда маалыматтарды берүү каналын түзүү максатында, МТБМК алдындагы “Электрондук өз ара аракеттенүү борбору” МИ Евразия экономикалык бирлигинин интеграциялык шлюз жана «Түндүк» ведомстволорлор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму менен тестирлөө жана интеграциялоо жумуштарын жүргүзүлдү.

Туруктуу маалымат жиберүү каналын түзүү үчүн республика ичинде, ошондой эле эл аралык деңгээлде масштабдуу иш-чаралар аткарылган. Каналдын колдонмо деңгээлдеги өткөргүч жөндөмдүүлүгүн текшерүү максатында жарым жылдын аралыгында «Түндүк» МИ Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы “Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү Терезе” борбору” мамлекеттик ишканасы менен бирдикте Кыргыз Республикасынын улуттук деңгээлинде тестирлөөнүн ар кандай түрлөрү өткөрүлгөн. Ошондой эле, «Транском» МИ сервердик жабдуусунда коопсуздук сервери орнотулган жана ылайыкташтырылган. Сервер «Түндүк» ЭВӨС жардамы менен “Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү Терезе” борбору” МИ чейин маалымат жиберүүнү ишке ашыруу үчүн  ЕАЭБ интегрциялык шлюзунан чыгышында ортнотулган. Кыргыз Республикасынын аймагында ийгиликтүү аяктаган тестирлөө иштердин кийин, «Түндүк» МИ Евразия экономикалык комиссиясы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда тестирлөө иштери баштады. Өткөрүлгөн тестирлөө иш-чаралардын жыйынтыктары боюнча «Түндүк» ведомстволорлор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму жардамы менен Евразия экономикалык бирлигинин мүчөлөрүнө маалымат берүү мүмкүнчүлүгү ачылды жана Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан протоколдо белгиленген. Бул Евразия экономикалык комиссиясынын жалпы процесстерин ишке ашыруу үчүн «Түндүк» ЭВӨС болгон инфраструктураны пайдаланууга мүмкүндүк берет, ошол эле учурда байланыштын айрым каналдарын тейлөөгө кеткен чыгымдарды азайтат.

Вернуться к списку новостей