Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы мамлекеттин эң бай маалымат ресурсу болуп саналат.

Кыргызстандын Мамлекеттик архив кызматынын системасын түзүү 1926-жылдын 30-августунда башталган, ошол мезгилде мамлекеттик бийликтин жогорку органы болгон Кыргыз автономиялык облусунун Облисполкому “(КАОда) архив ишин уюштуруу жана (КАОнын) аймагында жайгашкан мекемелердин алдында архивдик материалдарды тартипке келтирүү жөнүндө” токтом кабыл алынган.

Республиканын архивдеринде 19-кылымдын ортосунан азыркы мезгилге чейинки мезгилди камтыган 4 миллион 400 миң бирдиктен ашык документтер бар. Анын ичинен 4 миллион 292 миң кагаз документ, 16 миңден ашык кинодокумент, 92 миңге жакын фотодокумент, 6 миңден ашык үн документ жана бир миңден ашык видеоматериалдар. Министрлик тармакты толугу менен санариптештирүү, архивдик документтерди санариптештирүү, алардын андан ары сакталышын камсыз кылуу жана пайдалануу фондун түзүүгө, ошондой эле архивдерди электрондук документ жүгүртүү системасына интеграциялоого умтулууда.

Архив кызматы ченемдик-усулдук документтерди, архив ишин өнүктүрүүнүн максаттуу программаларын иштеп чыгат, ошондой эле архив иштери жана иш кагаздарын жүргүзүүдө документтерди уюштуруу боюнча методикалык документтерди бекитет.
Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтеринин борборлоштурулган эсебин жүргүзөт, архив илими, иш кагаздарын жүргүзүү, археография жаатында илимий-изилдөө жана методикалык иштерди жүргүзөт, ошондой эле архивдик документтерди сактоо боюнча корутундуларды берет.
Мамлекеттик кызматтарды көрсөтөт, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фондунун документтерине “өзгөчө баалуу” жана “уникалдуу” статусун берүү, мамлекеттик архивдерди мамлекеттик маанидеги документтер менен камсыз кылуу, архивдик документтердин экспертизасын жүргүзүү, ретроспективдүү иш жүргүзүү; документалдык маалыматтарды, архив иштери жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча адабияттарды басып чыгарат, ошондой эле иш кагаздарын жүргүзүү кызматтарынын жана ведомстволук архивдердин ишин жакшыртуу боюнча иш-чараларды уюштурат.

Архив агенттигинин башкаруу схемасы төмөнкүлөрдү камтыйт:
— Борбордук мамлекеттик архив;
— Борбордук мамлекеттик кинофотофоно документтер архиви;
— Борбордук мамлекеттик коомдук-саясий документтердин архиви;
— 8 облустук (2 Ош облусунда) жана 53 райондук жана шаардык мамлекеттик архивдер;
— 1 аймактык архив (Чүй районундагы Суусамыр).

Республикада бардыгы болуп 65 мамлекеттик архив бар, аларда Кыргызстандын тарыхы, административдик-аймактык бөлүнүшү, экономиканын, маданияттын, илимдин бардык тармактарындагы ар кандай мамлекеттик жана коомдук мекемелердин жана уюмдардын тарыхы боюнча кеңири ретроспективдүү маалыматтар сакталат. ошондой эле чет мамлекеттер менен болгон байланыштар жана Кыргызстандын белгилүү инсандары тууралуу маалыматтар.