Frequently asked questions

Operating Hours of PSC?
Дүйшөмбү — жума саат 09:00 дөн 18:00 гө чейин, түшкү тыныгуу 12:30 дан 13:30га чейин.
Калкты тейөө борборуна алдын ала кезекке турса болобу?
Кезектин жаңы системасы ишке киргизилгендигине байланыштуу КТБда убакытты онлайн режиминде брондоо үчүн Early One тиркемеси өз ишин токтотуп жатканына сиздердин көңүлүңүздөрдү бурабыз.

Электрондук кезектин жаңы системасын киргизүү этап-этабы менен ишке ашырылат. Биринчи этапта талондорду кабыл алуу боюнча кызматкерлерден алууга болот. Мындан ары керектүү кызматтарды өз алдынча тандоо үчүн терминалдарды орнотуу пландаштырылууда. Жыйынтыктоочу этапта система “Tunduk” тиркемеси менен интеграцияланат жана республиканын бардык КТБларына кеңейет, бул жарандарга кезекти алдын ала брондоого мүмкүндүк берет.
Кайсы калкты тейлөө борборлору дем алыш күндөрү иштейт?
Бишкек шаарында Шабдан Баатыр пр., 41б дареги боюнча Глобус гипермаркетинде жайгашкан кичи калкты тейлөө борбору бар.

Иштөө графиги:

Шейшемби – жекшемби: 10:00дөн 19:00гө чейин
Түшкү тыныгуу: 14:00дөн 15:00гө чейин
Дүйшөмбү: дем алыш күн