2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту 16 жашка толгондо алуу 13.10.2023, 11:49 – анкета-арыз (кызматкер АМС аркылуу тариздейт); – туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө, фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү тууралуу күбөлүк (фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндө) – КБМРде маалыматтар болбогондо же “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы документти көрсөтүүгө мүмкүн болбогондо; -арыз ээсинин жарандыгын аныктоо үчүн ата-энесинин (камкорчунун/көзөмөлчүнүн) же ата-энесинин биринин (экинчиси болбогон учурда) паспорттору же жалпы жарандык паспорту (болсо) – КБМРде маалымат болбогондо же “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы документти көрсөтүүгө мүмкүн болбогондо; – 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт берүү жөнүндө өтүнүч (камкорчу/көзөмөлчү катары чыккан юридикалык жак үчүн).