16 жашка толо элек адам үчүн жалпы жарандык паспортун алуу 12.10.2023, 18:25 – анкета-арыз (кызматкер АМС аркылуу тариздейт); – туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө, фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүү тууралуу күбөлүк (фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөрткөндө) – КБМРде маалыматтар болбогондо; – ата-энеси же ата-энесинин бири (экинчиси болбогон учурда) же 16 жашка толо элек адамдын башка мыйзамдуу өкүлү тарабынан толтурулган жана кол коюлган арыз, анда жалпы жарандык паспортту алуунун себеби көрсөтүлөт; – ата-энесинин же ата-энесинин биринин (ата-энесинин бири жок болгон учурда көрсөтүлгөн учурларды ырастаган документтердин күбөлөндүргөн көчүрмөлөрүн тиркөө менен) же 16 жашка толо элек адамдын башка мыйзамдуу өкүлдөрүнүн паспорттору – КБМРде маалыматтар болбогондо; Эгерде арыз ээсинин ата-энесинин бири чет мамлекеттин жараны болуп саналса, 16 жашка толо элек адам үчүн жалпы жарандык паспортту тариздөөгө анын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу берилет.