Эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулган учурда, эгерде арыз ээси мурда 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорттору менен документтештирилбеген болсо 13.10.2023, 16:30 – анкета-арыз (кызматкер АМС аркылуу тариздейт); – эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулганы жөнүндө маалымкат; – туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө – КБМРде маалыматтар болбогондо же “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы документти көрсөтүүгө мүмкүн болбогондо; – Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы № 174 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобого ылайык арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы тууралуу корутунду.