icon__file icon__search

Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга же калыбына келтирүүгө байланыштуу

– чет өлкөлүк паспорт*;

– арыз ээсин Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу же калыбына келтирүү жөнүндө маалымкат – КБМРде маалымат болбогондо;

– туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө – КБМРде маалымат болбогондо, “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы бул документти көрсөтүүгө мүмкүн болбогон учурда же мурда берилген 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортуна № 1 форма болбогон учурда;

-фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндүгү тууралуу күбөлүк (фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндө) – КБМРде маалымат болбогондо, “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы бул документти көрсөтүүгө мүмкүн болбогон учурда;

-никени каттоо же никени бузуу тууралуу күбөлүк (никеге турганда, никени бузганда) – КБМРде маалымат болбогондо, “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы бул документти көрсөтүүгө мүмкүн болбогон учурда;

-жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (жубайы каза болгон учурда) – КБМРде маалымат болбогондо, “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы бул документти көрсөтүүгө мүмкүн болбогон учурда;

Эскертүү: Мурда Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин жарандыгына ээ болгон арыз ээлеринин чет өлкөлүк паспорттору Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы № 174 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобого ылайык алынып коюлууга тийиш.