icon__file icon__search

Чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашап турууга туруктуу жана убактылуу уруксаттарды тариздөө, узартуу

     Кыргыз Республикасында жашап турууга туруктуу уруксат берүү үчүн төмөнкүлөр зарыл:

         – жашап  турууга уруксат берүү жөнүндө арызды 18 жашка чыккан, Кыргыз Республикасынын аймагында 5 жылдан ашык мыйзамдуу түрдө жүргөн чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам (алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү) өздөрү беришет.

         Арыз менен кошо төмөнкүдөй документтер 2 нускада тапшырылат:

         – паспорттун же аны алмаштыруучу, арыз ээсинин ким экенин билдирүүчү документтин көчүрмөсү;

         – туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн же ага теңештирилген документтин көчүрмөсү;

         – жашаган жеринен үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкат;

         – нике жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (эгер никелүү болсо);

         – арыз ээсинин жана анын үй–бүлө мүчөлөрүнүн жашоо минимумун камсыздаган, туруктуу легалдуу киреше булагынын бар экендигин ырастаган төмөнкү документтердин бирин: эмгек китепчесинин көчүрмөсүн, активдерин, банктагы эсептерин же Кыргыз Республикасынын жаранынын көзөмөлчүлүгүн, эмгек акысынын өлчөмүн көрсөтүү менен иштеген жеринен маалымкат ж.у.с.;

         – ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкаттар (“СПИД” борборунун, наркология жана психоневрлогия борборлорунун маалымкаттары);

         – арыз ээси жарандыгын токтотконун күбөлөндүргөн документ (Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин жарандыгы жок адамдары үчүн – Департаменттин органынын аны жарандыгы жок адам деп таануу жөнүндө корутундусу);

         – чет өлкөлүк жарандын өзү жараны болгон мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат, ал эми жарандыгы жокторго ал Кыргыз Республикасынын аймагына киргенге чейин жашаган мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;

         – арыз ээсинин толук өмүр баяны.

         – ата–энелеринин биринин улутун ырастаган маалымкатты (документ) (туулгандыгы тууралуу актылык жазуу);

         – Кыргыз Республикасынын жараны болгон тууганы же Кыргыз Республикасында иммигранттын статусун алган адам жиберген чакырууну;

         – Кыргыз Республикасынын жараны менен туугандык байланышын ырастаган документ (Кыргыз Республикасынын жараны менен никеде тургандар нике жөнүндө күбөлүктү жана жубайынын паспортунун көчүрмөсүн, чет өлкөлүк жаран болуп эсептелген арыз ээси менен балдары чогуу жашаса туугандыгын же асырап алгандык фактысын, ошондой эле чогуу жашагандыгын ырастачу документтерди;

         – арыз ээсинин жана анын туугандарынын фамилиялары ар башка болсо туугандык мамиле кошумча тапшырылчу тийиштүү документтер менен далилденет;

         – камкордук жана көзөмөлдүк фактысын ырастачу документтер;

         – адистиги (кесиби) бар экенин ырастачу документтер жана рекомендациялар.

         – Чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар аларда болжолдонуп жаткан жашачу жеринде турак жайы бар экенин же Кыргыз Республикасынын бойго жеткен жана жашаган жери боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жарандарынын аларга убактылуу жашап туруу үчүн турак жай берүүгө макулдугун ырастачу документтерди да тапшырышат.

         Эгер арыз ээси менен кошо аялы (күйөөсү) 14төн 18 жашка чейинки курактагы балдары менен келсе турган болсо, алардын Кыргыз Республикасына келүүгө жазуу жүзүндөгү макулдуктары талап кылынат.

         Документтеги баланын колу нотариуста күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

         Эгер Кыргыз Республикасына ата-энелердин бирөө гана 18 жашка чейинки курактагы балдары менен келе турган болсо, ал жубайынын балдары иммиграцияга кетип жаткан атасы (энеси) менен чогуу жашашына каршы эместиги жөнүндө нотариуста күбөлөндүрүлгөн арызын тапшырууга тийиш.

         Андай макулдук жок болсо иммигрант ата (эне) тийиштүү мамлекеттин балдарды ошол жубайга ыйгаргандык жөнүндө соттун чечимин тапшырууга тийиш.

Кыргыз Республикасында жашап турууга убактылуу уруксат берүү үчүн төмөнкүлөр зарыл:

         – жашап турууга уруксат берүү жөнүндө арызды 18 жашка чыккан, Кыргыз Республикасынын аймагында 6 айдан ашык мыйзамдуу түрдө жүргөн чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам (алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү) өздөрү беришет.

         Арыз менен кошо төмөнкүдөй документтер тапшырылат:

         – паспорттун же аны алмаштыруучу, арыз ээсинин ким экенин билдирүүчү документтин көчүрмөсү;

         – туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн же ага теңештирилген документтин көчүрмөсү;

         – жашаган жеринен үй–бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкат;

         – нике жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (эгер никелүү болсо);

         – арыз ээсинин жана анын үй–бүлө мүчөлөрүнүн жашоо–тиричилик минимумун камсыздаган, туруктуу легалдуу киреше булагынын бар экендигин ырастаган төмөнкү документтердин бирин: эмгек китепчесинин көчүрмөсүн, активдерин, банктагы эсептерин же Кыргыз Республикасынын жаранынын көзөмөлчүлүгүн, эмгек акысынын өлчөмүн көрсөтүү менен иштеген жеринен маалымкат ж.у.с.;

         – ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкаттар (“СПИД” борборунун, наркология жана психоневрлогия борборлорунун маалымкаттары);

         – арыз ээси жарандыгын токтотконун күбөлөндүргөн документ (Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин жарандыгы жок адамдары үчүн – Департаменттин органынын аны жарандыгы жок адам деп таануу жөнүндө корутундусу);

         – чет өлкөлүк жарандын өзү жараны болгон мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат, ал эми жарандыгы жокторго ал Кыргыз Республикасынын аймагына киргенге чейин жашаган мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;

         – арыз ээсинин толук өмүр баяны.

         Кыргыз Республикасынын экономикасына 10000000 (он миллиондон) ашык сом салган чет өлкөлүк жарандар (Кыргыз Республикасы менен чектешкен мамлекеттердин жарандарын кошпогондо), алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан арыз менен кошо төмөнкү документтер тапшырылат:

         – паспорттун же аны алмаштыруучу, арыз ээсинин ким экенин билдирүүчү документтин көчүрмөсү;

         – туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн же ага теңештирилген документтин көчүрмөсү;

         – жашаган жеринен үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкат;

         – нике жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (эгер никелүү болсо);

         – инвестициялык саясатты иштеп чыгуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн 10000000 (он миллион) сомдон ашык суммага инвестициялык макулдашуунун көчүрмөсү (инвестициялык макулдашуу түзүлгөн учурда);

         – инвестициялык саясатты иштеп чыгуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын арыз ээсинин инвестор статусуна ылайык келишин жана 6 айдан кем эмес инвестициялык долбоорду ишке ашыруу мөөнөтүн ырастаган, ошол мамлекеттик органдын жетекчиси кол койгон өтүнмөсү;

         – ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкаттар (Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык “СПИД” борборунун, наркологиялык жана психоневрологиялык диспансерлердин маалымкаты);

         – чет өлкөлүк жарандын өзү жараны болгон мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;

         – чет өлкөлүк жарандын Кыргыз Республикасынын аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;

         – арыз ээсинин өмүр баяны.

         – чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар аларда болжолдонуп жаткан жашачу жеринде турак жайы бар экенин же Кыргыз Республикасынын бойго жеткен жана жашаган жери боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жарандарынын аларга убактылуу жашап туруу үчүн турак жай берүүгө макулдугун ырастачу документтерди да тапшырышат.

         Эмгек ишмердигин жүргүзүүчү арыз ээси ишканасынын катталганы жөнүндө документтердин көчүрмөлөрүн тапшырышат; Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында окугандар окуу жай менен контракттын көчүрмөлөрүн жана окуган жеринен маалымкат тапшырышат; Кыргыз Республикасында инвестиция салуучу инвестицияны тарткан уюмдун жетекчисинин ал чет өлкөлүк жаран Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген өлчөмдө инвестиция салып жатканы жөнүндө катын берет.

Жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн алуу үчүн төмөнкүдөй документтер тапшырылат:

         – эркин формада жазылган арыз;

         – жарандыгы жок адам үчүн жашап турууга уруксат;

         – ак–кара түстөгү, 33 x 43 мм өлчөмдөгү 2 фото сүрөт.

Жашап турууга уруксаттарды жана жарандыгы жок адамдын күбөлүктөрүн алмаштыруу үчүн чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар жашаган жериндеги Департаменттин аймактык органдарына жашап турууга уруксаттын жарактуулук мөөнөтү бүтөөрдөн бир ай мурда төмөнкүдөй документтерди тапшыруу менен кайрылууга тийиш:

         – эркин формада жазылган арыз;

         – жашап турууга уруксат жана анын көчүрмөсү;

         – жарандыгы жок адамдар үчүн – жарандыгы жок адамдын күбөлүгү;

         – чет өлкөлүк жарандар үчүн – чет мамлекеттин жарактуу паспорту;

         – Департаменттин аймактык органдарынын жашап турууга уруксат же жарандыгы жок адамдар үчүн – жашап турууга уруксаты же жарандыгы жок адамдын күбөлүгү жоголгону жөнүндө маалымкаты;

         – иштеген жеринен маалымкат;

         – жашаган жеринен маалымкат;

         – ак–кара түстөгү, 33 x 43 мм өлчөмдөгү 2 фото сүрөт;

         – мамлекеттик алым төлөнгөндүгү тууралуу квитанция.    

         Жашап турууга уруксат фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөнгө байланыштуу алмаштырылганда ал шарттарды ырастачу документтер тапшырылат.