icon__file icon__search

Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу тартиби

         Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу төмөндөгу ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат:

– Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

– мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралган негиздер жана тартиптер боюнча ээ болот.

-“Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы № 174 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндөгү маселелерди кароонун тартиби жөнүндөгү” Жобо.

 “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 11-беренесине ылайык:

Кыргыз Республикасынын жарандыгына:

1) туулгандыгы боюнча;

2) Кыргыз Республикасынын жарандыгын кабыл алуунун натыйжасында;

3) жарандыгын калыбына келтирүүнүн натыйжасында;

4) мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралган негиздер же тартиптер боюнча ээ болот.

         Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жарандыкка кабыл алуунун жалпы жана жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиптери каралган.

         Эгерде арыз ээсинин жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте жарандыкка кабыл алууга негиздери жок болсо, анда жалпы тартипте кабыл алуу шарттары каралган.

       Кыргыз Республикасынын жарандыгына жалпы тартипте кабыл алуунун шарттары

Чет элдик жарандар жана 18 жашка чыккан жарандыгы жок адамдар жалпы тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө расмий өтүнүч менен төмөнкүдөй учурларда кайрылууга укуктуу:

  1.  арыз берген учуруна чейин акыркы беш жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу, үзгүлтүксүз жашап турушса. Бир жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары үч айдан ашпаган мөөнөткө чыккан адамдын жашоо мөөнөтү үзгүлтүксүз деп эсептелинет;

2) пикир алышуу үчүн жетиштүү көлөмдө мамлекеттик же расмий тилде сүйлөй алса, мамлекеттик же расмий тилди билүү деңгээлин аныктоонун тартиби жарандык маселелерди кароонун тартиби жөнүндө жобо менен белгиленет;

3) Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоого милдеттенсе;

4) жашоо үчүн каражат булагы болсо;

5) Кыргыз Республикасында жана жараны болуп саналган чет мамлекетте соттолгону болбосо.

  2. Ушул статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда белгиленген Кыргыз Республикасынын аймагында чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдардын жашоо мөөнөтү, эгерде төмөнкүдөй негиздердин бирөө гана болгон учурда, үч жылга чейин кыскартылат:

  1. илим, техника, маданият, спорт жаатында жогорку ийгиликтерге жетишсе, ошондой эле Кыргыз Республикасы кызыкдар болгон кесипке, болбосо адистикке жетишсе;

 2) Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу тармагына инвестиция чегерсе Инвестиция чегерүүнүн тартиби жана өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет;

 3) алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык качкындар же жарандыгы жок адамдар катары таанылса;

      4)Кыргыз Республикасынын жараны менен никеге турган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар.

4. 18 жашка чыккан чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар жөнөкөйлөтүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө расмий өтүнүч менен кайрылууга укуктуу 13-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда белгиленгендей, эгерде мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген мамлекеттер аралык макулдашууларда башкача каралбаса, алардын Кыргыз Республикасынын аймагында жашоо мөөнөтү төмөнкүдөй учурларда бир жылга чейин кыскартылат, эгерде:

         1) ата-энесинин бирөө Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган жана Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган болсо;

2) Кыргыз ССРинде төрөлсө жана/же мурдагы СССРдин жараны болсо;

3) Кыргыз Республикасынын жарандыгы калыбына келтирилет.

5. Чет мамлекеттин жарандыгы бар же жарандыгы жок, этностук кыргыз болуп саналган адамдар Кыргыз Республикасынын аймагында жашап туруунун мөөнөтү жөнүндө шарттар коюлбастан жана 13-статьяда жана ушул статьянын 1-бөлүгүндө каралган шарттар сакталбастан мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдө Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алынат. Аларды Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу алардын башка мамлекеттин жарандыгынан баш тартуусун көрсөтүү менен, башка мамлекеттин жарандыгынан алдын ала чыгуусуз эле Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылууларынын негизинде жүзөгө ашырылат.

  Кыргыз Республикасынын жарандыгына ушул Мыйзамдын 13-статьясынын 1-бөлүгүндө каралган шарттарды сактабастан жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте төмөндөгүлөр кабыл алынат

1) ата-энесинин бирөөсү Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган бала – ошол ата-энесинин арызы жана башка ата-энесинин баланын Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча. Эгерде бала Кыргыз Республикасынын аймагында жашап турса, андай макулдук талап кылынбайт;

2) жалгыз ата-энеси Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган бала – ошол ата-эненин арызы боюнча;

3) камкордукка же көзөмөлдүккө алынган бала же ишке жарамсыз адам, – Кыргыз Республикасынын жарандыгына ээ камкордукка же көзөмөлдүккө алган адамдын арызы боюнча.

5. Ушул статьянын 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамга 13-статьянын 1-бөлүгүнүн 3 жана 4-пункттарында каралган талаптар жайылтылат.

6. Кыргыз Республикасынын мурдагы жарандары Кыргыз Республикасынын жарандыгын калыбына келтирүүдө жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө өтүнүч менен кайрылууга укуктуу. Ушул Мыйзамдын 13-статьясынын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда белгиленген алардын Кыргыз Республикасынын аймагында жашоо мөөнөтү, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башка каралбаса, бир жылга чейин кыскартылат.

         Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 31-июлундагы № 69 Мыйзамы менен ратификацияланган Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясынын ортосундагы “Жарандыкты алуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби жөнүндө” макулдашууга ылайык , төмөнкү негиздер каралган:

 Жогорудагы Макулдашуунун 1-беренесине ылайык, ар бир Тарап анын аймагына туруктуу жашоо үчүн келген экинчи Тараптын жарандарына төмөнкү шарттардын бири аткарылса жөнөкөйлөштүрүлгөн (каттоо) тартипте жарандык алуу укугун берет:

  • – эгерде арыз берүүчү Белорус ССРинин, Казак ССРинин, Кыргыз ССРинин же РСФСРдин жараны болсо жана ошол эле учурда мурдагы СССРдин жараны болсо, 1991-жылдын 21-декабрына чейин жарандык алган Тараптын аймагында туулган же жашаган болсо;
  • – эгерде арыз ээсинин жарандыгын алган Тараптын аймагында туруктуу жашаган жана анын жараны болуп саналган жакын туугандарынын бири болсо: жубайы, ата-энесинин бири (асырап алуучулар), баласы (анын ичинде асырап алынган бала), эжеси, агасы, чоң атасы же чоң энеси, небереси же неберелери.

         Кыргыз Республикасы менен Украинанын ортосундагы “Украинада туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган Украинанын жарандарынын жарандыгын өзгөртүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби жана жарандыгы жок жана кош жарандуулуктун учурларын болтурбоо жөнүндө” макулдашуу Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 22-декабрындагы № 185 Мыйзамы менен төмөнкүдөй шарттар каралга:

  • – эгерде арыз ээси же анын ата-энесинин жок дегенде бири (асырап алуучулар), чоң ата, чоң энеси жарандык алган Макулдашуучу Тараптын аймагында төрөлсө же мыйзамдуу түрдө туруктуу жашаса;
  • – эгерде арыз берүүчүдө Келишим түзүүчү тараптын аймагында мыйзамдуу түрдө туруктуу жашаган жана жарандыгы бар болгон кеминде бир жакын туугандары: жубайы, ата-энесинин бири (асырап алуучулар), баласы (анын ичинде асырап алынган бала); ) ), эже, ага, чоң ата же чоң энеси, небереси (небереси) бар болсо.

         Муну билүү маанилүү,  арыз берүүчү Кыргыз Республикасынын жарандыгын алгандан кийин Кыргыз Республикасынын жаранынын алгандыгын ырастоочу паспортун берген орган жарандыгынын токтотулуп жаткандыгын ырастоочу документти алып дипломатиялык каналдар аркылуу жарандыгынын Макулдашуучу Тарабына жарандыкты алуу фактысы жөнүндө билдирүү менен бирге жиберилет..

         Келишим түзүүчү тараптар жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашууга ылайык Макулдашуучу Тараптардын жарандыгын токтотууга жана алууга байланыштуу бардык милдеттүү жыйымдарды жана жыйымдарды төлөөдөн бошотулат.

         Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуунун тартиби

1. Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган адамдын Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуусу ал адамдын өз эрки менен билдирген негизде “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-статьясында каралган учурлардан тышкары, адамдын башка жарандыгы же адамдын башка мамлекеттин жарандыгын алууга кепилдиги болсо, жалпы тартипте жүзөгө ашырылат.

2. Чет мамлекеттин аймагында жашаган адамдын Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуусу ал адамдын өз эрки менен билдирген негизде “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-статьясында каралган учурлардан тышкары, адамдын башка жарандыгы же адамдын башка мамлекеттин жарандыгын алууга кепилдиги болсо, жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте жүзөгө ашырылат.

3. Ата-энесинин бирөөсү Кыргыз Республикасынын жарандыгына ээ болгон, ал эми экинчиси чет өлкөнүн жараны болуп саналган же жалгыз атасы же энеси чет элдин жараны болгон баланын Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуусу эки ата-эненин же болбосо жалгыз атанын же эненин арызы боюнча жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте жүзөгө ашырылат.