Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана кароо тартиби 16.10.2023, 09:44 – Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө арыз-анкета (2 нускада); – өздүгүн тастыктоочу документтердин түп нускасы жана көчүрмөсү (паспорт); – туулгандыгы тууралуу күбөлүгү; – никелешүү тууралуу күбөлүгү, ажырашуу тууралуу күбөлүк, жубайдын өлгөндүгү тууралуу күбөлүгү же тийиштүү учурларда дайынсыз жоголгондугу боюнча соттун чечими; – Кыргыз Республикасынын салык органынан салык карызынын жоктугун тастыктаган документ (арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын аймагындагы акыркы жашаган жери боюнча); – мамлекеттик алым же консулдук жыйымдар төлөнгөндүгүн тастыктоо же аларды төлөөдөн бошотуу жөнүндө документ; – электрондук түрдөгү сүрөтү – Кыргыз Республикасынын аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат. Эгерде арыз берүүчү бир эле учурда жашы жете элек балдар үчүн Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө арыз берсе, анда алар мыйзамда каралган жагдайларга жараша: – жашы жете элек баланын ким экендигин ырастаган паспорт же ага барабар башка документ, эгер бар болсо; – туулгандыгы тууралуу күбөлүгү же камкорчулук же көзөмөлчүлүк белгилөө, ата-энелик укуктан ажыратуу жөнүндө соттун чечими; – баланын жарандыгын токтотууга же сактоого тараптардын жазуу жүзүндөгү макулдугу, эгерде ата-энесинин же камкорчуларынын бири Кыргыз Республикасынын жараны болуп калса, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн же Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси тарабынан күбөлөндүрүлгөн макулдугу; – 14 жаштан 18 жашка чейинки балдардын жарандыгын өзгөртүүгө нотариалдык же Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси тарабынан күбөлөндүрүлгөн жазуу жүзүндөгү макулдугу; – ата-энесинин бирөөсүнүн жана 14 жаштан 18 жашка чейинки курактагы баланын Кыргыз Республикасында соттолбогону тууралуу маалымкат