Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо (кабыл алуучу тарап катары чыгуучу жеке жактар үчүн) 20.10.2023, 17:37 – чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери тарабынан таризделген арызы; – кабыл алуучу тараптын өтүнүч каты. Кабыл алуучу тарап катары Кыргыз Республикасынын жарандары, туруктуу жашай турууга укугу жана/же менчик турак жайы бар чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар чыгышы мүмкүн. Эгерде кабыл алуучу тарап турак жайдын менчик ээси болуп эсептелбесе, ушул Тартиптин 13-пункту менен белгиленген тартипте менчик ээсинин макулдугу кошумча берилет; – жеке адамдын атынан өтүнүч кат менен өкүл кайрылган учурда кайрылуу укугуна берилген ишеним кат; – чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын паспорту же Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса ким экендигин ырастоочу башка документ жана колдонуудагы тиешелүү визасы; – Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (анын ичинде “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта), кабыл алуучу тарап болуп саналган чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын туруктуу жашап туруу укугу; – мамлекеттик алымдын төлөнгөнү жөнүндө квитанция.