Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо (кабыл алуучу тарап катары чыгуучу юридикалык жактар үчүн) 20.10.2023, 17:38 – кабыл алуучу тараптын өтүнүч каты; – чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын паспорту же, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, ким экендигин ырастоочу башка документ жана колдонуудагы визасы; – өкүл кайрылган учурда юридикалык жактын атынан өтүнүч кат менен кайрылуу укугуна берилген ишеним кат; – турак жайдын менчик ээсинин жазуу жүзүндөгү макулдугу, анын катышуу мүмкүндүгү болбогон учурда, ушул Тартиптин 13-пунктунда белгиленген тартипте менчик ээсинин макулдугу берилет; – мамлекеттик алымдын төлөнгөнү жөнүндө квитанция.