Мекен-карт документин алуу үчүн 20.10.2023, 17:40 -АМС аркылуу таризделген өтүнүч; -чет өлкөлүк жарандын паспорту (мөөнөтү 6 айдан кем эмес); -туулгандыгы тууралуу күбөлүк, Кыргыз ССРинин аймагында берилген (Кыргыз ССРинде туулган учурда); -балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү (актылык жазуусунан көчүрмө, сертификат) – 18 жашка чейинкилерге; -аты-жөнүн өзгөртүү күбөлүгү – жеке маалыматтар өзгөргөн учурда; -чет өлкөлүк жарандын ал жаран болуп саналган мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат; -Кыргыз Республикасынын аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымат (системадан автоматтык түрдө текшерилет); -КР жарандыгы токтотулгандыгын ырастаган документ (КР КБМР маалымат жок болгон учурда талап кылынат); -туугандык байланышты тастыктоочу документтер жана алардын көчүрмөлөрү (мурда КР жарандыгында турган чет өлкөлүк жарандын туугандары үчүн); -камкорчулукту жана көзөмөлчүлүктү белгилөө жөнүндө күбөлүк (мыйзамдуу өкүлдөр тарабынан кайрылганда); -мамлекеттик алымды төлөө жөнүндө квитанция; -Мекен-картасын жекелештирүү жана даярдоо үчүн квитанция