icon__file icon__search

Кыргыз Республикасынын чегинде жашаган жана барган жери боюнча жарандарды каттоо жана каттоодон чыгаруу эрежеси

– паспорт же жарандын ким экендигин ырастоочу аны алмаштыруучу башка документ (анын ичинде “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта);

-туулгандыгы тууралуу күбөлук (анын ичинде санарип форматында “Түндук” мобилдик тиркемеси аркылуу)-16 жажка чейинки жарандар үчүн;

– жаранды турак жайга жайгаштыруу үчүн негиз болуп эсептелүүчү документ (ордер, келишим, турак жайды берген адамдын арызы же башка документ) же анын тиешелүү күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

-турак жайдын менчик ээсинин паспорту же ишеним каты (нотариалдык жактан күбөлөндүргон макулдук), турак жайдын менчик ээси жок болгон учурда;

– аскерге милдеттүүлөр (чакырылуучулар) үчүн – мурдагы жашаган жери боюнча аскердик эсептен чыккандыгы жана жаңы жашаган жерине аскердик эеепке тургандыгы жөнүндө белгиси бар аскердик билети (аскердик каттоого коюлганы жөнүндө күбөлүк).

Жогоруда документтерден тышкары, төмөнкү документтер талап кылынат, эгерде:

-аскер бөлүктөрү жана аскердик мекемелер тарабынан берилген кубөлүк- аскер кызматчылары үчүн;

-эркининен ажыратуудан бошотулгандыгы жөнүндө маалымкат- эркининен ажыратуудан бошотулган жарандар үчүн;

-окуу жайдын студенттери жана кызматкерлери үчүн (жатакананын дареги боюнча убактылуу каттоо үчүн) тиешелүу окуу жайдын арыз кат жана окуу жайдын кабыл алуу номерин жана күнүн көрсөтүү менен маалымкат;

-туруктуу жашаган жери жок адамдарды каттоо үчүн тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өтүнүч каты;

-16 жашка чейинки балдар жашаган жери жана турган жери боюнча ата-энесинин, камкорчусунун же ыйгарым укуктуу өкүлдүн  биринин арзы боюнча каттоого алынат жана каттоодон чыгарылат;

-ата-энеси турак жайдын менчик ээси болуп саналбаган учурларда, балдарды каттоо үчүн турак жайдын менчик ээсинин нотариалдык жактан кубөлөндүрүлгөн макулдугу же анын жеке өзү берген арзы талап кылынат;

-менчигинин түрүнө карабастан, балдар мекемелеринде (ымыркай балдардын үйү, балдар үйлөрү, мектеп-интернаттар, атайын мектептер жана башка ушул сыяктуу мекемелер) турган балдар, эгерде алар ата-энесинде же башка жарандарда катталбаса, администрациялардын өтүнүчүнө ылайык бул мекемелердин юридикалык дареги боюнча ушул мекемелерде турган мөөнөткө катталышат.