icon__file icon__search

Чет өлкөлүк жарандар менен никеге турууну мамлекеттик каттоо

– белгиленген формадагы биргелешкен арыз (электрондук арыз кызматкер тарабынан түзүлөт);

– эгерде никеге туруп жаткан адамдардын биринин биргелешкен арыз берүү үчүн жарандык абалдын актыларын жазуу органына келүүгө мүмкүнчүлүгү болбосо, никелешүүнү каалаган адамдардын өзүнчө арыздары, мында чет өлкөлүк нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн арыз легалдаштырылууга (апостиль коюлууга) тийиш;

– никеге турууну каалаган адамдардын ким экендигин күбөлөндүргөн документтер же Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер;

– чет өлкөлүк жарандын паспорту, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормосу менен паспортунун көчүрмөсү;

– нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу менен чет өлкөлүк жарандын жараны болуп саналган мамлекеттин аймагында катталган никеде турбагандыгын ырастоочу маалым кат. Мурунку никесинин токтотулганын ырастоочу документтер (никесинин бузулгандыгы тууралуу, өлгөндүгү тууралуу күбөлүк, соттун чечими) талап кылынбайт;

–  эгерде никеге туруучу адамдар никени мамлекеттик каттоо үчүн белгиленген күнү келбесе, анда никени каттоо арыз берилген күндөн тартып 3 айдын ичинде жүргүзүлөт.

– 3 ай өткөндөн кийин никеге туруп жаткандар никелешүүнү мамлекеттик каттоого жаңы арыз берүүгө милдеттүү.