icon__file icon__search

Никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо

– ортосунда жашы жете элек жалпы балдары болбогон жана бири-бирине мүлктүк жана башка дооматтары болбогондо жубайлардын никени бузуу жөнүндө берилген биргелешкен арызынын;

– арыз ээлеринин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер же Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер;

– жубайлардын биринин никени бузуу жөнүндө арызынын жана жубайлардын бирине карата соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин (өкүмүнүн), эгерде жубайлардын бири сот тарабынан дайынсыз жок деп таанылса, сот тарабынан эмгекке жарамсыз деп таанылса же жасаган кылмышы үчүн үч жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгон болсо;

– никенин бузулгандыгы тууралуу соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин;

– чет мамлекеттин жараны менен никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо учурунда чет өлкөлүк жарандын паспорту мамлекеттик же расмий тилге котормосу менен берилет, котормочунун колу нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш;

 – никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоого нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат боюнча жол берилет, анын негизинде никенин бузулгандыгы тууралуу актыны жазуу түзүлөт. Никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо боюнча кызыкчылыктарды коргоого жана никенин бузулгандыгы тууралуу күбөлүктү алууга ыйгарым укуктар ишеним катта атайын каралууга (макулдашылууга) тийиш;

 – эгерде жубайлардын биринин биргелешкен арыз берүү үчүн жарандык абалдын актыларын жазуу органына келүүгө мүмкүнчүлүгү болбосо, жубайлардын биринин каалоосу никени бузуу жөнүндө өзүнчө арыз менен таризделиши мүмкүн. Жубайынын колунун аныктыгы нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш;

 – Жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан жубайлардын экөөнүн тең нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним катынын негизинде, жубайлардын өз ара макулдугу боюнча никенин бузулгандыгын каттоого жол берилбейт. Жубайлардын биринин катышуусу милдеттүү.