icon__file icon__search

Никелешүүнү мамлекеттик каттоо

– никеге турууну каалаган адамдардын биргелешкен арызы (кызматкер тарабынан АМС аркылуу электрондук түрдө толтурулат);

– никеге туруп жаткандардын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер же “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер;

– эгерде алардын бири мурда никеде турган болсо никесинин бузулгандыгы тууралуу күбөлүк – КБМРде маалымат жок болгон учурда;

– мурдагы никеде жубайлардын бири каза болгон учурда өлгөндүгү тууралуу күбөлүк – КБМРде маалымат жок болгон учурда;

– жалпы балдардын бар экендигин тастыктаган документтер (балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүк) же кош бойлуулук  жөнүндө медициналык мекеме тарабынан берилген маалым кат (бар болгон учурда каттоо кайрылган күнү жүргүзүлөт).

– эгерде никеге туруп жаткандардын биринин, эркектин же аялдын биргелешкен арыз берүү үчүн жарандык абалдын актыларын жазуу органына келүүгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, никеге туруп жаткан адамдын каалоосу никелешүү тууралуу өзүнчө арыз менен таризделиши мүмкүн. Никеге туруучу адамдын колунун аныктыгы нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.