КМШ өлкөлөрүнөн берилген жарандык абалдын актыларынын күбөлүктөрүн кайталап алуу 20.10.2023, 17:14 1. 1993-жылдын 22-январында Минск шаарында жана 1993-жылдын 7-октябрында Кишинев шаарында кол коюлган укуктук жардам жана жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укуктук мамилелер жөнүндө Конвенцияга ылайык жашаган жери боюнча каттоо эсептеринин бар экендиги жөнүндө маалыматтарды, КМШ өлкөлөрүнөн жарандык абалдын актыларынын кайталап күбөлүктөрүн алуу үчүн КМШ өлкөлөрүнө суроо-талаптарды жиберет. 2. КМШ өлкөлөрүнөн келип түшкөн суроо-талаптарга жарандык абалдын актыларын кайталап күбөлөндүрүү, суралып жаткан мамлекеттин жарандыгына таандыктыгы/таандык эместиги жөнүндө, жашаган жери боюнча каттоо эсебинин бар экендиги жөнүндө маалыматтар берилет. Маалымдама: эгерде жаранга жарандык абалдын актылары жөнүндө документтерди, КМШ өлкөлөрүнөн маалымкаттарды же болбосо маалыматтарды талап кылуу зарыл болсо, жакынкы КТБга кайрылып, төмөнкү документтерди берүү зарыл: – өздүгүн күбөлөндүргөн документ (ID-card паспорт же консулдук каттоо жөнүндө белгиси бар жалпы жарандык паспорт); – туулгандыгы тууралуу күбөлүк; – никеге туруу/ажырашуу жөнүндө күбөлүк; – өлүм жөнүндө күбөлүк; – өкүл кайрылган учурда нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат; (зарыл болсо, кошумча документтер). КМШдан жиберилген документтерди жаран жергиликтүү Регион аралык бөлүмдөрдөн өз алдынча ала алат. КМШ өлкөлөрүнөн башка чет мамлекеттердин документтерин алган жарандар өз мамлекетинин Кыргызстандагы элчилигине кайрылуусу зарыл.