Жашы жете элек баланын аты-жөнүн өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо 13.10.2023, 18:06 Он алты жашка толо элек адамга карата фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо ата-энесинин биргелешкен арызынын негизинде жана төмөнкүдөй документтер берилгенде жүргүзүлөт: – баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү; – ата-энесинин (алардын биринин) ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер же “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер; – эгерде арыз ээси никеде турса, никелешүү тууралуу күбөлүк – КБМРде жок болгон учурда; – аталыгын аныктоо тууралуу күбөлүк (болсо) – КБМРде маалымат жок болгон учурда; – ата-энесинин биринин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу (ата-энесинин биринин биргелешкен арызын берүү мүмкүн болбогон учурда); – жаранды дайынсыз жок деп таануу, аны ата-энелик укуктарынан ажыратуу, аны эмгекке жарамсыз деп таануу жөнүндө соттун мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген чечими (ата-энесинин пикирин эске алуу милдеттүү эмес). Он жашка толгон, жашы жете элек балага карата фамилиясын, атын жана атасынын атып өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо анын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жүргүзүлөт. Аталыгы мыйзамдуу түрдө аныкталбаган баланын фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо энесинин арызы боюнча, ал мындай өтүнүч менен кайрылган учурда алып жүргөн фамилияга өзгөртүү менен жүргүзүлөт. Эскертүү: Бир эле убакта фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоого жол берилбейт. Ишеним кат боюнча фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүгө жол берилбейт.