icon__file icon__search

Баланын туулгандыгын каттоодо фамилиясын, атын жана атасынын атын ыйгаруу

– баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоодо баланын фамилиясы анын ата-энесинин фамилиясы боюнча жазылат. Ата-энесинин фамилиялары ар башка болгондо, баланын фамилиясы ата-энесинин макулдашуусу менен атасынын фамилиясы боюнча же энесинин фамилиясы боюнча жазылат. Кош фамилия берүүгө жол берилбейт;

– баланын аты ата-энесинин макулдашуусу боюнча жазылат. Кош ат берүүгө жол берилет;

– баланын аты жана/же фамилиясы боюнча ата-энесинин ортосунда макулдашуу жок болгон учурда (ата-энесинин фамилиялары ар башка болгондо) келип чыккан пикир келишпестиктер соттук тартипте чечилет.

– баланын атасынын аты атасынын аты боюнча жазылат;

 – эгерде энеси баланын атасы менен никеде турбаса жана балага карата аталыгы аныкталбаса, баланын аты энесинин көрсөтмөсү боюнча, атасынын аты-энеси баланын атасы катары көрсөткөн адамдын аты боюнча (же болбосо көрсөтүлбөйт), баланын фамилиясы – энесинин фамилиясы боюнча же болбосо энесинин атасынын аты боюнча жазылат;

Кыргыздын улуттук салттары боюнча баланын фамилиясы төмөнкүдөй жазылышы мүмкүн:

– эркек жынысындагы балдар үчүн “уулу” жана аял жынысындагы балдар үчүн “кызы” деп кошуу менен же аларды кошпостон атасынын аты боюнча. Мындай учурларда балага атасынын аты берилбейт (мисалы: Таалайбек уулу Асан, Таалайбек кызы Алина, Таалайбек Асан, Таалайбек Алина);

– “тегин” деп кошуу менен чоң атасынын аты боюнча (мисалы: Бактыбек тегин Асан (Алина), ата-энесинин каалоосу боюнча атасынын атын кошууда эркек жынысындагы балдар үчүн “уулу” (мисалы: Бактыбек тегин Асан Таалайбек уулу) жана аял жынысындагы балдар үчүн “кызы” (мисалы: Бактыбек тегин Алина Таалайбек кызы). Түздөн-түз туугандык байланышын ырастоочу документтер болгон учурда же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын архивинде болгон учурда ата-энесинин каалоосу боюнча баланын фамилиясы жети атасына чейинки ата-бабаларынын аты боюнча берилиши мүмкүн.

Ата-эненин каалоосу боюнча баланын фамилиясы баланын атасынын же чоң атасынын аты боюнча, “-ов”, “-ев” жана “-ова”, “-ева” деген мүчөлөр улануу менен жазылышы мүмкүн.

Башка улуттагы адамдардын аттары жана фамилиялары алардын каалоосу боюнча алардын салттарына ылайык көрсөтүлөт.