icon__file icon__search

Фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо

Жашы жеткен адамдын фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо төмөнкүдөй документтер берилгенде жүргүзүлөт:

– белгиленген формадагы арыз (электрондук арыз кызматкер тарабынан түзүлөт);

– арыз ээсинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ (анын ичинде “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта) же “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ;

– арыз ээсинин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү (КБМРда туулгандыгы тууралуу актыны жазуу болбогон учурда);

– эгерде арыз ээси никеде турса, никелешүү тууралуу күбөлүк (КБМРда никелешүү тууралуу актыны жазуу болбогон учурда);

– жашы жете элек балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү (эгерде арыз ээсинин жашы жете элек балдары болсо) (КБМРда туулгандыгы тууралуу актыны жазуулар болбогон учурда);

– эгерде арыз ээси никесинин бузулгандыгына байланыштуу ага никеге чейинки фамилиясын ыйгаруу жөнүндө өтүнүч менен кайрылса, никенин бузулгандыгы тууралуу күбөлүк (КБМРда никенин бузулгандыгы тууралуу актыны жазуулар болбогон учурда).