icon__file icon__search

Даректер жана ишеним телефондору

Урматтуу жарандар!
Эгерде коррупциялык көрүнүшкө туш болсоңуз Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Call-борборуна 119 телефону аркылуу кайрылыңыз.

Коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча “ишеним телефону” төмөнкү фактылар боюнча маалыматтарды кабыл алат жана карайт:

  • Мамлекеттик жарандык кызматкерлер КР СӨМ түзүмдүк, ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин аракеттериндеги коррупциялык көрүнүштөр;
  • Мамлекеттик жарандык кызматкерлер КР СӨМ түзүмдүк, ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин аракеттеринде кызыкчылыктардын кагылышы;
    • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдү жана тыюу салууларды Мамлекеттик жарандык кызматкерлер КР СӨМ түзүмдүк, ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин аткарбагандыгы.
    Купуялуулукка кепилдик берилет.
    Ишеним телефонуна чалууларды кабыл алуу убактысы:
    Арыздар дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары күн сайын төмөнкү график боюнча кабыл алынат:
    Дүйшөмбү – Жума – 09:00дөн 18:00гө чейин.
    Анонимдүү кайрылуулар (кайрылуу жөнөткөн жарандын аты-жөнүн көрсөтүлбөсө) каралбайт.
    Эскерте кетсек, КР Кылмыш-жаза кодексинин 363-беренесинде кылмыш жөнүндө атайылап жалган билдирүү үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.