Twinning долбоорунун жыйынтыктоочу отуруму болуп өттү 03.10.2023, 17:52 Бүгүн, 2023-жылдын 3-октябрында, Twinning долбоорунун алкагында Кыргызстандагы санариптештирүү программасын колдоо боюнча жыйынтыктоочу отурум болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева, Евробиримдиктин Кыргыз Республикасындагы элчиси Мэрилин Жозефсон (онлайн аркылуу), Эстония Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Тоомас Тирс, муну менен бирге ар кайсы мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана санариптештирүү тармагындагы эксперттер катышышты. Санариптик өнүктүрүү министри Н.Кутнаева өз сөзүндө белгилегендей, мындан эки жыл мурун 2021-жылдын октябрь айында санариптештирүү секторун реформалоого жана Twinning программасын ишке ашырууга багытталган Евробиримдикке мүчө мамлекеттер менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы биринчи эки тараптуу кызматташуу долбоору өз ишин баштаган, ал эми бүгүн ийгиликтүү ишке ашырылган долбоордун жыйынтыктоочу отуруму өтүүдө. «Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн санариптик трансформациялоо жана санариптик коомду түзүү боюнча этап-этабы менен иштерди жүргүзүүнү улантууда», – деп белгиледи Н.Кутнаева өз сөзүндө. Twinning долбоорун ишке ашыруунун алкагында алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбаны изилдөө, мыкты европалык эксперттер менен тажрыйба алмашуу, ошондой эле санариптик байланышты өркүндөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү үчүн компетенциялар, мамлекеттик кызматтарды сапаттуу көрсөтүү, жеке маалыматтарды коргоо жана киберкоопсуздук боюнча онлайн жана оффлайн тренингдерди өткөрүүгө мүмкүн болду.