icon__file icon__search

2023-жылда көрсөтүлгөн эң популярдуу 3 кызмат

Эң популярдуу кызматтар төмөнкү кызматтар болду:

– Кыргыз Республикасынын жарандарын туруктуу же убактылуу жашаган жери боюнча каттоо. 12 айдын ичинде 712 123 кызмат көрсөтүлдү.

– Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо. 12 айдын ичинде 668 844 кызмат көрсөтүлдү.

– Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасын – паспортун (ID-карта) алмаштыруу – 575 422.

Мамлекеттик кызматтарды алууда жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында онлайн форматтагы кызматтар активдүү киргизилүүдө.

Жогоруда белгиленген кызматтардын ичинен 2023-жылдын июль айынан баштап чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды онлайн каттоо боюнча сайты иштей баштады. (https://ereg.e-gov.kg/:) . Ошондой эле жашаган жери боюнча жарандарды онлайн каттоо кызматы иштелип чыгууда жана жакынкы убакта ишке киргизилет.