icon__file icon__search

“119” байланыш борборунан ЖААК, паспорт, каттоо маселелери боюнча кеңеш ала аласыз

Санарип өнүктүрүү министрлиги калктын ыңгайлуулугу үчүн “119” колл-борбору иштеп жатканын эскертет, анда сиз жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорт алуу, жашаган жерине каттоо, булуттук электрондук кол тамга жана калкты тейлөө борборлорунда көрсөтүлүүчү башка кызматтар боюнча кеңештерди ала аласыз.

Колл-борборго бекер чалуу убакытты үнөмдөөгө жана онлайн режимде кандай кызматтарды алса болорун, керектүү документтердин тизмесин, иш графигин, калкты тейлөө борборлорунун даректерин, паспорттун даярдыгын, электрондук маалымат базасында каттоонун болушун, кызматтардын баасы, сандар менен тамгалардын өзгөчө айкалыштагы унаа номерлери тууралуу суроолорду алдын ала тактоого мүмкүндүк берет.

2023-жылдын акыркы 9 айында 119 колл-борбору 194 000ден ашык чалууларды жана Министрликтин расмий сайттарындагы чаттар аркылуу келип түшкөн 20 000 онлайн суроо-талаптарды иштеп чыккан(digital.gov.kg, infocom.kg, nomer.srs.kg, portal.srs.kg). Онлайн чат жарандарга, анын ичинде өлкөдөн тышкаркы жарандарга аралыктан кеп кеңеш алууга жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө кызмат алуу үчүн кайрылууга мүмкүндүк берет.

Акыркы убакта операторлор Telegram аркылуу суроо-талаптарды кабыл алууда, ал министрликтин жана ага караштуу мекемелердин сайттарында жайгаштырылган.

2023-жылдын 9 айындагы статистика боюнча көп берилген 5 суроо:

• Паспорт – 107 500;

• ЖААК – 31 000;

• Булуттук электрондук кол тамга – 21 400;

• Портал жана «Түндүк» тиркемеси боюнча – 12 000;

• Системалар боюнча техникалык кайрылуулар – 11 000.

Белгилей кетчү нерсе, “119” номери даттанууларды, анын ичинде коррупциянын көрүнүштөрүн кабыл алуу үчүн арналган, ошондой эле жарандар Министрликтин каалаган бөлүнүшүнүн иши боюнча арызын же сунушун калтыра алышат.

Чалуу Кыргыз Республикасынын бардык байланыш операторлору үчүн акысыз.