Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында республика боюнча 19 миң 347 нике расмий каттады 16.08.2023, 15:22 Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Калкты каттоо департаменти үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында республика боюнча 19 миң 347 никелерди расмий түрдө каттады. Өткөн 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырганда никелердин каттоолордун саны 2 687ге азайды. Биринчи жарым жылдыкта борбор калаабыздын Бакыт Өргөсүндөгү баш кошкон эң популярдуу күн катары – 23.03.23 болду. Бул кооз, шайкеш келген датада расмий түрдө 62 баш кошуу аземдери болуп өткөн. Жарым жылдын ичинде Бакыт Өргөсүндө өздөрүнүн мамилелерин 1 миң 505 жуп расмий катташкан. Муну менен катар, Ош шаарындагы Бакыт Өргөөсүндө баш кошууга ылайык болгон башка күн популярдуу болду. Ал 20.06.23. Бул күнү 19 нике катталган. Жалпы 6 ай ичинде Ош шаарындагы Бакыт Өргөөсүндө 947 нике катталды. Статистикага ылайык, ажырашуу кызматынын көрсөткүчү төмөндөп жаткандыгы байкалууда. Алсак, 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында 6 067 жуп ажырашса, быйыл 5 814 жуп ажырашышты. Үстүбүздөгү жылдын 6 айынын ичинде 66 212 туулгандыкты каттоо иштери жүргүзүлгөн. Бул көрсөткүч 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 5 миң 807ге аз. Ал эми өлүм учурларын каттоону алсак, 15 миң 087 өлүм учурлары катталып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда өлүм учурлары 1 миң 345ге аз катталган.