Эл аралык электр байланыш биримдигинин санариптик трансформация боюнча форуму 30.08.2023, 10:34 2023-жылдын 28-августунан 30-августуна чейин Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Бостери айылында Эл аралык электр байланыш биримдигинин санариптик трансформация боюнча форуму болуп өттү.Форумга Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Замирбек Кожомуратов, КМШ аймагы боюнча ЭЭБ Регионалдык кеңсесинин аймактык директору Наталья Мочу, Аймактык Шериктештиктин Аткаруу комитетинин Байланыш тармагындагы башкы директору Нурудин Мухитдинов, Министрликке караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы жана чет мамлекеттердин байланыш тармагындагы өкүлдөрү, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Кыргызстандын байланыш эксперттери катышты.Иш чараны Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары З.Кожомуратов ачты. Ал санариптик трансформация ишканаларды, тармактарды жана мамлекеттерди өнүктүрүүнүн негизги вектору болуп калганын белгиледи. Анда, ал белгилегендей, бүтүндөй экономикалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун ачкычы. “Бул сыяктуу аймактык форумдар тармактын жетилиши үчүн абдан маанилүү. Алар актуалдуу маселелерди өкүлчүлүктүн деңгээлинде терең талкуулоого жана тажрыйба алмашууга, адистердин квалификациясын жогорулатууга мүмкүндүк берет. Санариптик трансформация боюнча Эл аралык форум биздин аймак үчүн маанилүү окуя болот деп ишенем”- деп З.Кожомуратов өз сөзүндө белгиледи.Форумдун жүрүшүндө катышуучулар санариптик трансформация үчүн жагымдуу шарттар, санариптик трансформацияны өлчөө, кеңири тилкелүү интернеттин жеткиликтүүлүгү, эл аралык уюмга мүчө болуунун ролу жана мааниси сыяктуу эл аралык байланыш тармагындагы бир катар маанилүү маселелерди талкуулашты. Форумдун алкагында ар кайсы өлкөлөрдөн келген эксперттер электрондук байланышты жакшыртуу, санариптик трансформацияны башкаруу жана санариптик жөнгө салуу боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүштү.